Жарандык авиация департаменти жарандарды 9-май күнү дрон жана башка учкучсуз учуучу аппараттарды учурууга тыюу салды.
Мекеменин кайрылуусунда жазылгандай, 9-май күнү Ала-Тоо аянтынын аймагында, адамдар көп топтолгон жерлерде, "Өлбөс полк" акциясы жүрүп жатканда дрон учурууга уруксат берилбейт.
Департамент бул чектөө Жеңиш майрамын майрамдоого катышып жаткан жарандардын жана иш-чаранын конокторунун коопсуздугун коргоону көздөй турганын, мындан тышкары авиациялык жана коомдук коопсуздук талабына ылайык киргизилип жатканын кошумчалады.
Чектөөнү бузгандар Бузуулар кодексине ылайык, административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилди.
Кыргызстанда Жеңиш күнүнүн урматына "Өлбөс полк" жүрүшү 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Жүрүшкө 2024-жылы гана уруксат берилген эмес.
Экинчи дүйнөлүк согушта каза тапкан жакындарынын ( же согушка катышкан адамдардын) портретин көтөрүп көчөгө чыгуу Орусияда патриоттук маанайды бекемдөө үчүн ойлоп табылып, кийин постсоветтик бардык аймакка жайылган.
Акыркы жылдары "Өлбөс полкту" Кремлге байланыштырган маанай пайда болуп, жүрүш көптөгөн өлкөлөрдө Москванын Украинадагы согуштук аракеттерин колдоо катары кабыл алына баштады.(ZKo)
Шерине