Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 8-майда иш сапары менен Москвага аттанды. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында айтылат.
Маалыматка караганда, ал Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Жума күнү түштөн кийин казак президентинин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Айбек Смадияр Касым-Жомарт Токаев дагы Москвадагы майрамдык иш-чараларга катышарын билдирди.
Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө, Кремл казак лидеринин бул чечимине канааттануусун айтканы жазылган.
Буга чейин Кремль 9-майга пландалган парадды утурлай орус башкалаасына келе жаткан чет өлкөлүк жогорку жетекчилердин тизмесин жарыялап, бирок анда Мирзиёев аталган эмес. Бардыгы болуп чет мамлекеттик жети делегация барары айтылган.
Айрым маалымат каражаттары борбор азиялык лидерлер парадга барбай турганын жазышкан.
Быйыл Москванын Кызыл аянтандагы парад чектелген форматта, оор техникасыз өтмөкчү.
Орусия 8-9-май күндөрү Украина менен атышууну токтотууну сунуш кылган. Киев аны четке кагып, согушка чекит коюу үчүн 6-майдан тарта узак мөөнөттүү жарашууну жарыялоону жактаган.
"Москвадагы бир киши согушсуз жашай албаса, бир параддан башка эч нерсени ойлобосо, бул таптакыр башка кеп”, - деп айткан украин президенти Владимир Зеленский 6-майда.
7-майда орус Тышкы иштер министрлиги бардык чет мамлекеттерди Киевден өз дипломаттарын жана жарандарын чыгарып кетүүгө чакырган. Муну украин армиясы 9-майда Москвага сокку урса, сөзсүз жооп кайтарылат деп түшүндүргөн.
8-майда тараптар бири-бирин аткылоону улантты.
Шерине