Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Баткен: Соодага да "Достук" керек

“Достук” соода-экономикалык паркы үч өлкөнү байытабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

“Достук” соода-экономикалык паркы үч өлкөнү байытабы?

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде  эл аралык соода-экономикалык парк курулары кабарланды.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде курулушу пландалып жаткан "Достук" эл аралык соода-экономикалык паркы 100 гектар аймакты ээлейт.

Комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналарын камтыйт.

Долбоор үч өлкө ортосундагы соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Эгер ишке ашса 5 миңден ашуун жумуш оруну түзүлүп, чек арадагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөрү айтылууда.

Облус жетекчиси Мамыржан Рахимов долбоор азырынча концепциялык деңгээлде экенин, тиешелүү экспертизалардан кийин гана курулуш маселеси караларын билдирди.

“Бул тыкыр эсептелип, иликтеп чыккандан кийин ишке аша турган демилге. Кошуна өлкөлөр менен достук, экономикалык мамилелер бекемделе турган жай болот. Зарыл жана натыйжалуу тармактар камтылган. Туристтик аймак, базар, эс алуу жайлары, өндүрүш камтылган. Азыр карап жатабыз, эксперттерге да тапшырабыз, долбоор жактырылса, анан иш башталат. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү соода жайы болот. Айрыкча Баткен облусунун экономикасына салымы чоң болот”.

Президент Садыр Жапаров "Достук" соода-экономикалык түйүнүнүн долбоору менен таанышууда. Баткен. 6-май.
Президент Садыр Жапаров "Достук" соода-экономикалык түйүнүнүн долбоору менен таанышууда. Баткен. 6-май.

Ал эми эксперттер эркин экономикалык аймактарды түзүүдө коопсуздук, бажы көзөмөлү жана мыйзамдык жоопкерчилик маселелери өзгөчө мааниге ээ деп эсептешет.

Эксперт Хаитали Айкынов долбоордун мыйзамдык, коопсуздук жана иштөө шарттары дыкат иштелип чыгышы керек дейт.

“Бул жердин саясий мааниси да бар. Анткени Фергана өрөөнү өзгөчө, калкы жыш аймак. Бул жерде көп маселе бар. Ресурстар көйгөйлөрү, жер-суу, жайыт тартыштыгы күч. Кала берсе экономикалык да көйгөйлөр бар. Кошуна өлкөлөрдү ала турган болсок, кошуна өлкөлөр ЕАЭБге кирген эмес. Бул да өзгөчөлүк жаратып турат. Бул соода аянтчасын курган өтө жакшы. Бирок бул жерде өтө дыкат, жакшы иштелип чыккан эрежелер болушу керек. Үч өлкөгө бирдей пайда алып келе турган жоболор болууга тийиш. Үч мамлекеттин кызыкчылыктарын коргосо пайдалуу болот деп ойлойм”.

Хаитали Айкынов аймактагы кызматташтык платформалары чек арадагы чыңалууларды баштан кечирген элдер ортосундагы алака-катышты чындоого таасир этерин коушчаларды.

Кыргыз чек арачылары. Баткен. 6-май.
Кыргыз чек арачылары. Баткен. 6-май.

Азырынча концепция бойдон турган “Достук” соода-экономикалык паркы келечекте соода алакасын кеңейткен “нейтралдуу экономикалык аянтча” болушу мүмкүн.

Экономист Элдар Абакиров аны Евробиримдиктин моделинде иштетсе болот деген пикирде.

“ЕАЭБ талаптарына ылайык эркин экономикалык аймактарды ача алабыз. Ал жерге товар бажы төлөмүсүз келет. Кошумча нарк салыгы (КНС) төлөнбөйт. Сыртка чыгып жатканда башка өлкөлөргө кетсе эч нерсе төлөнбөйт. Ал эми Кыргызстандын ичине кирсе, төлөмдөр төлөнүшү керек. Менин пикиримде биз Борбор Азия өлкөлөрү менен интеграцияга барышыбыз керек. Балким Евро Биримдиктин моделин үлгү алабызбы. Ошого окшош соода эрежелери менен пилоттук долбоор кылып баштасак болот. Ал эми коопсуздук бул соода-экономикалык байланыш келишимдерине тиешеси жок аны өзүнчө келишимдер менен кошумча бекитиш керек”, - дейт Абакиров.

6-майда президент Садыр Жапаров “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен катар Достук стеласы менен таанышкан.

Боордош элдердин достугун, аймактык кызматташтыктын жаңы этабын символдоштурган стела 2025-жылы 31-мартта ачылган. Ага үч мамлекеттин президенттери онлайн форматта катышкан.

Өзбек чек арачылары. Баткен. 6-май.
Өзбек чек арачылары. Баткен. 6-май.

Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев долбоордун алкагында кыймылга тоскоолдуктарды кыскарткан атайын механизмдер каралышы мүмкүндүгүн айтты:

“Азыр бул стела орнотулган аймакка келген туристтердин саны көбөйүп жатат. Чек арачыларга бири-бири менен байланышып, киргенине шарт түзүлгөн. Үч өлкөнүн жарандары өз аймагынын дарбазасы аркылуу кирип, тоскоолдуксуз жүрсө болот. Анан сырткары бул аймакка соода аймагы курулса, ага өзүнчө көзөмөлдөп өткөрүү пунктун коёбуз”.

Тажик чек арачылары. Баткен. 6-май.
Тажик чек арачылары. Баткен. 6-май.

Кыргызстан коңшулары Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин 2025-жылы чечкен.

Учурда Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 1 миллиард долларга жакындаса, Дүйшөмбү менен чек ара жаңыдан ачылгандыктан көрсөткүч бир нече миллион доллар деңгээлинде гана калууда.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG