Кыргыз бийлиги бул курулуш аркылуу Лейлек аймагын облус борбору менен байланыштырган жол дагы кыйла кыскарарын айтууда. Ошол эле маалда Тажикстан да Кыргызстандын Ак-Сай айылынын четинен Ворух анклавын Исфара менен байланыштырган жолдун курулушун баштады. Бул жолдордун курулушу чек ара тактоо учурунда макулдашылган.
Баткендеги Миң-Өрүк – Самаркандек багытындагы эстакаданын курулушун кыргыз өкмөтү каржылап, үч жылда бүтөрү айтылды. Баткен райондук бийлиги эстакадалык жолдун узундугу үч чакырымдан ашыгыраак болорун, туурасы 40 метр экенин ырастады.
“Бул жолду эми Баткен жана Лейлек районунун эли жакшы билет. Биз кошуналар менен күн сайын бири-бирибиздин жолубузду кесип өтөбүз да. Анан кээ бир учурда түшүнүксүз жагдайлар жаралып калышы мүмкүн да. Эми бул жолдор курулгандан кийин биз эки тарап бири-бирибиз менен кесилишпей түз каттап калабыз. Мындан тышкары Төрт-Көчөдө жол чырак бар, кезектешип каттап өтүшөт эки өлкөнүн унаалары. Ал жерге да эстакада куруу планы бар. Бул жерге эстакада курулгандан кийин да астындагы жол да, эстакада да биздики бойдон кала берет”, - деди Баткен районунун акими Данир Иманалиев.
Эстакадалык жол 10 миңден ашык калкы бар Самаркандек айылын район борбору менен байланыштырып, мурдагы жолду 15 чакырымга кыскартат. Мурда тажик айылын айланып өтүп, анан Төрт-Көчө аркылуу айланма жол түшкөн эле. Самаркандек айыл аймагынын башчысы Таирбек Рахман уулу Миң-Өрүк-Самаркандек жолу курулуп бүтсө коопсуздук жагынан пайдалуу болот деп эсептейт.
"Көз карандысыз жол болуп, биздин аймактан район борборуна каттам кыскарып, ыңгайлуу болуп калат. Мындан тышкары Лейлек районун калкы үчүн жол кыскарат. Элге пайдасы чоң бул демилгенин. Саясий чечим менен жолдун курулушу болуп жатат. Азыр курулушу тездик менен жүрүп жатат. Биздин эл кубануу менен иштин аякташын күтүп атат".
Чек ара такталганы менен бир айылдан экинчисине өтүү үчүн бири-биринин айылын кесип өтүүгө аргасыз болгон тилкелер бар. Транспорт жана байланыш министрлигинин долбоордогу туруктуу инженери Саитбуркан Ысманов жол тууралуу мындай маалымат берди:
"Бул өзгөчө курулуш болуп жатат. Тоонун боорунан бийиктиктен куруп баштадык. Толук кандуу жумуш башталды, азыр жардыруу иштери жүрүп жатат. Кытайлык компания иштеп жатат. Бул жолдун аймакта тынчтыкка абдан чоң салымы болот".
Буга улай эле Тажикстандын Ворух анклавы менен Чорку аймагын байланыштырган жолдун курулушу башталууда. Бул жол аркылуу тажик жарандары Кыргызстандын айылдарын аралабай түз өтө алышат. Мындай келишим чек ара такталган учурда эле макулдашылганы белгилүү болду. Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин сөзүн угалы:
"Чорку - Ворух жолу да курулуп баштады, биздин куруп жаткан жол менен салыштырсак экөөнүн айырмасы он чакты метрди эле түзөт. Бул долбоорду да тажик тарап учурда ишке ашырып жатышат".
Ошентип, Кыргызстан Төрт-Көчө тилкесинде да эстакадалык көпүрө курууну пландап жатканы маалым болду.
Мурда чек арадагы чыр-чатактар жол маселесинен дагы тутанып келгени жашыруун эмес. Расмийлер жогорудагы инфраструктуралык долбоорлорду байланышты гана жакшыртуу айласы эмес, чек арадагы коопсуздукту камсыздап, туруктуулукту бекемдөөнүн аракети катары чечмелөөдө.
Быйыл марттын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын инженердик тосуу иштери кайра жанданган. Кыргызстандын Чек ара кызматы быйыл Баткен аймагынан 200 чакырымдай, Ош облусунан 70 чакырымдай аралыкка зым тартыларын жарыялаган.
Маалыматка караганда, жалпы 420 чакырымдай тилке тосулушу керек, анын 150 чакырымдайы өткөн жылы тосулган. Эксперттер бул иштер соңуна чыкса жалпы эле чөлкөмдүн коопсуздугуна, ошол эле маалда экологияга дагы оң таасирин тийгизерин айтышат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым тилке 2011-жылга чейин такталып, өкмөттүк делегациялардын чечими менен бекитилген.
Ал эми калган 486,94 чакырым чек ара тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Азыр ушул тилкелерде инженердик тосмолорду орнотуу иштери жүрүүдө.
2025-жылдын 13-мартында Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп июлда кайра ачылган.
Эки өлкө ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык алака 2021-жылы чек арада болгон кандуу окуядан кийин тарта кескин муздап отуруп, 2024-жылга карай дээрлик жокко эсе болуп калган. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан болчу. Чек ара такталгандан кийин соода кайра жанданган.
Шерине