Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Кытайда эки министрди өлүм жазасына тартууга өкүм чыкты

Кытайдын мурдагы коргоо министри Вэй Фэнхэ.
Кытайдын мурдагы коргоо министри Вэй Фэнхэ.

Кытайдын мурдагы коргоо министрлери Вэй Фэнхэ жана Ли Шанфу өлүм жазасына тартылды. Өкүм эки жылга алдыга жылдырылды.

Бул тууралуу "Синьхуа" маалымат агенттиги билдирди.

Министрлер коррупция иштери боюнча күнөөлүү деп табылган. Аскер сотунун чечимине ылайык, Вэй пара алууга, Ли пара алууга жана пара берүүгө аракет кылган деп айыпталган. Бул боюнча башка маалыматтар жарыяланган жок.

Экөө тең өмүр бою саясий укуктарынан ажыратылат жана мүлкү конфискация болот.

Кытайда өлүм жазасынын аткарылышын алдыга жылдыруу эгер соттолгон адам бул мөөнөт ичинде жаңы кылмыш жасабаса, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырыларын билдирет.

72 жаштагы Вэй Фэнхэ 2018-жылдан 2023-жылга чейин коргоо министри болгон. Андан кийин бул кызматка 68 жаштагы Ли Шанфу келип, сегиз айга жетпеген убакыт иштеген.

Өлкө лидери Си Цзинпиндин армияны "тазалоо" кампаниясынын алкагында бир катар жогорку даражалуу аскер жетекчилери кармалган.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөө борборунун акыркы баалоосуна ылайык, жүзгө жакын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери кызматтан алынган же коомдук мейкиндиктен жоголгон.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG