Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде оодарылган автокран боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрликтен такташкандай, окуя 7-майда Бишкек шаарынын Матыев көчөсүнүн 21, 21/2 дарегинде катталды. 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда жүк көтөрүүчү техника – автокран өндүрүштүк жумуштарды аткарып жаткан маалда оодарылып кеткен.
Адистер кырсыктын келип чыгуу себептерин изилдеп, курулуш объектисинде техникалык коопсуздук талаптары толук сакталбаганын аныкташты.
“Кырсыктын натыйжасында окуя болгон жерде электр зымдары үзүлгөн. Бактыга жараша, жабыркагандар катталган жок. Жыйынтыгында, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кап Град Кейджи” жоопкерчилиги чектелген коомуна 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, объектини толугу менен калыбына келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди”, – деп айтылат Курулуш министрлигинин маалыматында.
Мунун алдында борбор калаадагы курулуштардын биринде автокран кулап кеткени социалдык тармактарда жазылып, видеолору жарыяланган. (ErN)
Шерине