Президент Садыр Жапаров өзүнүн Иш башкармалыгы Министрлер кабинетине параллель түзүм болуп калды деген айыптоолорго жооп берип, ага кошумча ыйгарым укуктардын берилишин муктаждык деп түшүндүрдү. Бул тууралуу ал 7-майда “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышында сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчы буга чейин курорттук‑санаториялык жайлар оңдолбой келгенин, акыркы беш жылда аларга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи. Жапаров Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын объектилерин Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү боюнча кабыл алынганы да өз убагында туура чечим болгонун кошумчалады.
“Ысык‑Ата”, “Жыргалаң”, “Жети‑Өгүз” эс алуу жайларын, “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борборун, соңунда “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийин да Президенттин иш башкармалыгы оңдоп чыкканына басым жасады.
“Учурдан пайдаланып, азыр айрымдардын “Президенттин иш башкармалыгы эми бир топ мекемелерди, анын ичинде Санариптик өнүгүү министрлигин да өзүнө алып, өзүнчө эле Өкмөт болуп алды. Дегеле Иш башкармалыгы көзөмөлдөн чыгып бараткандай” деген сөздөрүнө жооп берип кетейин. Түз эле айтайын, Иш башкармалык эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Жогорку Кеңеш деген бар, Министрлер кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, Иш башкармалыктын ишмердүүлүгү тууралуу. Кантип эле баары Иш башкармалыктын көзүн карап калсын. Санариптик өнүгүү министрлиги өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болду. Алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин Иш башкармалыгына берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады. Натыйжада ал министрликти жоюп, анын айрым функцияларын Иш башкармалыкка өткөзүп бердик. Министрлик болуп турганда бюрократия болот экен, же президентке чейин андан ылдый көз карандылык болот экен, муну да туура түшүнүү керек”, – деди Садыр Жапаров.
Кыргызстан эгемендик алган жылдары Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын ишин камсыздоо үчүн уюшулган. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2021-жылдан тарта башкармалык президентти, өкмөттү жана парламентти да тейлей баштаган.
Акыркы беш жылда Президенттин иш башкармалыгына бир катар мамлекеттик мекемелер менен кызматтар өттү. “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Асман” шаарын куруучу дирекция, “Учкун” басмаканасы, “Унаа” ишканасы, “Кызмат” ишканасы, “ЭлКат” компаниясы жана башка мекемелер берилди.
Быйыл март-апрелде “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму”, “Түндүк”, “Кыргызиндустрия”, “Кыргызтелеком” мекемелери да Министрлер кабинетинен алынып, башкармалыкка берилген. Апрелдин аягында Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду.
“Азаттык” бул боюнча атайын программа даярдап, Жыйынтыктап айтканда, Президенттин иш башкармалыгы 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 кызмат-сервисти, 2 дирекцияны, 7 компанияны, 7 ишкананы, 2 бала бакчаны, 7 эс алуу жайын түздөн-түз башкарып жатканын көрсөткөн.
Мындан сырткары Кесиптик кошуундар федерациясынан мамлекетке алынган пансионат, курорт, эс алуу борбору, коттеж жана мейманканаларды Иш башкармалыктын алдындагы Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекция карап жатат. Жогоруда айтканыбыздай, алардын саны айрым маалыматтарда 29 деп көрсөтүлүүдө. Кээ бир кабарларда 16, кай биринде 14 экени маалымдалган. Ошондой эле “Кыргызиндустриянын” ичиндеги 40тай ишкананы башкарууну да башкармалык аткарып калды. (ErN)
Шерине