9-май күнү Орусия менен Украинанын ортосундагы, мурда Трамп жарыялаган үч күндүк ок атышууну токтотуу башталды.
Украин Куралдуу күчтөрү 9-майга караган түндө Орусия тараптан 43 дрон жана "Искандер-М" ракетасы менен чабуул коюлганын, 34 дрон жок кылынганын кабарлады.
Ишемби күнү эртең менен украин армиясы Запорожьедеги дрондор тууралуу эки ирет маалымдашты, шаарда абадан эскертүү берилди.
Запорожье облусунун башчысы Иван Федоров Пологов районунда орусиялык дрон автоунаага тийип, 67 жаштагы айдоочу ошол жерде көз жумганын, жүргүнчүлөрү - 62 жаштагы эркек менен 81 жаштагы аял жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 9-майда эртең менен 44 украин дрону жок кылынганын билдирди, бирок сөз саат 24:00кө чейинки убакыт - ок атышпоо келишими күчүнө кире элек мезгил жөнүндө болгонун тактады.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жеңиш парадын үзгүлтүккө учуратуу аракети болбогонун билдирди. Андан Трамптын ок атышпоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүүсүн Кремлде көрүштүбү деп сурашты.
"Көрбөдүк. Ок атышпоо азыр, 9-10-11инде (май), башка сөз болгон эмес", – деп жооп берди Песков.
8-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетишкенин билдирген. Киев менен Москва маалыматты тастыктаган. Трамптын сөзүнө караганда, ок атышпоо 9-10-11-май күндөрү уланып, 1000 туткунга 1000 туткун алмашылат. Трамп жазгандай, ок атышпоо өтүнүчү менен тараптарга ал өзү кайрылган, Орусия менен Украинанын президенттери макул болушкан.
Трамптын билдирүүсүнөн соң, украин президенти Владимир Зеленский Москвада Кызыл аянтта аскер парадын өткөрүүгө уруксат берип, Кызыл аянттын координаты көрсөтүлгөн аймакка украиналык куралды колдонууга тыюу салган жарлыгын жарыялады.
Ага чейин Орусия бир тараптуу түрдө 8-9-май күндөрү ок атышпоону жарыялап, парад үзгүлтүккө учурачу болсо, Киевдин борборун талкалоону эскерткен. Владимир Зеленский ок атышпоо режимин 6-майда сунуштаган, бирок Орусия ошол эле күнү Украинанын шаарларына сокку урган. 8-майга караган түнү Орусиянын бир катар шаарлары масштабдуу чабуулга кабылышты.
Шерине