Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Бишкекте Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү өттү

"Өлбөс полк". Бишкек. 9-май, 2026-жыл.
"Өлбөс полк". Бишкек. 9-май, 2026-жыл.

Бишкектеги Жеңиш аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташы - Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү өтүп жатат. Иш-чарага согуштун жана ооруктун ардагерлери, президент Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер жана башка жарандар катышты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына жана фашизмди жеңүүгө Кыргызстандын жарандары да чоң салым кошконун белгиледи.

"Улуу Жеңиштин дагы бир өзгөчөлүгү, бул жерде турган ар бир мекендешибиздин жеке тарыхына байланыштуу болгонунда. Бүгүнкү иш-чарага катышып олтургандардын ар бири согушка катышкан, оорукта эмгектенген чоң ата-чоң энелеринин же башка урук-туугандарынын эрдиктерин, каармандыктарын эскерип, азанын да, сыймыктын да көз жашы менен турушат. Мындай учурда эркиндик үчүн өмүрүн арнап, бизге Улуу Жеңишти тартуулаган улуу муунга башымды ийип таазим кылуу менен бирге, жалпы мекендештеримди Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктаймын!", - деди Садыр Жапаров.

Жеңиштин 81 жылдыгына карата Бишкекте жана башка бир катар шаарларда "Өлбөс полк" жүрүшү да өтүп жатат.

1941-1945-жылдардагы Ата мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам чакырылып, 110 миңден ашууну согушта көз жумган.

Фашизмди жеңүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык орден-медалдар менен сыйланып, 73 кыргызстандык “Советтер Союзунун Баатыры” деген ардактуу наамга ээ болуп, 22 кыргызстандык “Даңк” орденинин толук кавалери болушкан.

9-майга карата Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 7 катышуучусу, Ленинград блокадасында калган жана концлагерде туткунда болгон 24, ооруктун 297 ардагери калды.

Президент Садыр Жапаров 9-май Жеңиш күнүнө карата Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон бир жолку материалдык жардам берүү жөнүндө жарлык чыгарган.

2025-жылы 9-майга карата Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагери бар эле. Алардын ар бирине 100 миң сомдон берилген.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.

СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жылы 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан бөлүнгөн мамлекеттерде Жеңиш күнү катары белгиленет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG