Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды

Айваз Оморканов
Айваз Оморканов

Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин башчылыгына жалгыз талапкер болду. 11-майда өткөн шайлоого комитеттин 49 мүчөсү катышып, бирөө "каршы" добуш берди. Шайлоого бир күн калганда Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерлигин алып салышкан. Мунун себебин алар түшүндүргөн эмес.

30 жаштагы Айваз Оморканов Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти. Аны атасы Анвар Оморканов жетектейт.

Улуттук олимпиада комитетин 2024-жылдан бери жетектеп келаткан Үмбөталы Кыдыралиев быйыл март айынын аягында кызматтан кеткен. Ал УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин сааналашы катары айтылып жүрөт.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган. Ушул окуялардын фонунда бир катар депутаттар мандатын тапшырып, айрым жетекчилер кызматтан алынды. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG