Саламаттык сактоо министрлиги кооптуу хантавирусга байланыштуу маалымат таратып, Кыргызстанга инфекциянын жайылуу коркунучу өтө төмөн экенин билдирди. Аталган мекеме тараткан маалыматта калкка жана туристтерге эч кандай коркунуч жок экени белгиленген.
"Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк адамдар үчүн инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу аз. Ал эми жөнөкөй эле алдын алуу чараларын сактоо вирусту жуктуруп алуу ыктымалдыгын натыйжалуу түрдө азайтат. Ошону менен катар Саламаттык сактоо министрлиги жаратылышка чыккан учурда, кемирүүчүлөр бар жерге барганда этият болууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.
Мекеме сапар учурунда бара турган өлкөнүн эпидемиологиялык абалын алдын ала тактап алууга жана алгачкы коргонуу каражаттары менен камсыз болууга чакырды.
MV Hondius лайнери бир ай мурда Атлантика аркылуу саякатка Аргентинадан сүзүп чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча кемеде хантавирустун такталган жана болжолдонгон бир нече учуру аныкталган, үч адам - нидерланддык жубайлар жана Германиянын жараны көз жумду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) буга чейин аталган кемеде хантавирус кишиден кишиге жугушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес. Адатта бул вирус кемирүүчүлөрдөн жугат, бирок 5-май күнү ДССУ бул учурда вирус круиздик кеменин бортундагы "өтө жакын байланыштан" улам тарашы ыктымалдыгын билдирген.
Адистер мындай жол менен жугуу сейрек кездешерин жана элге коркунучу төмөндүгүн белгилешүүдө.
Хантавирустун бир нече түрлөрү бар. Вирус эки илдетке алып келиши мүмкүн: биринчисинде адамдын өпкөсү сезгенет, экинчисинде бөйрөктөрү жабыркайт. Өпкө оорусуна өзгөчө көңүл бурулат, себеби 40% учурда өлүм менен аяктайт. Илдеттин вакцинасы азырынча чыга элек.
Хантавирустун алгачкы белгилери кадимки сасык тумоодой болот. Дене табы көтөрүлүп, киши өзүн алсыз сезип, башы, булчуңдары ооруйт. Оору тез күчөп, бөйрөктөр, дем алуу органы жабыркайт. (КЕ)
Шерине