Казакстандын Атырау облусунун Жангелдин айылында бир үй-бүлөнүн өлүмүнө байланыштуу иш боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу «Ак Жайык» басылмасы жазды.
«Жангелдин айылындагы бир үй-бүлөнүн өлүмү боюнча сотко чейинки тергөө аяктады. Негизги шектүү Султан Сарсемалиев күнөөсүн мойнуна алды жана учурда Атыраудагы тергөө абагында сотту күтүп жатат», — деп жазылган сайтта.
Басылма өз булактарына таянып жазганына караганда, Сарсемалиевге «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча айып тагылган. Тергөө алкагында «Уурулук» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча да кылмыш иштери катталган.
Өткөн жылдын аягында Жангелдин айылында бир үй-бүлө табышмактуу жагдайда дайынсыз жоголгону кабарланган. 6-январда жубайлардын сөөгү үйүнүн сарайынан табылган. Ошол кезде жубайлардын өлүмүнө үй-бүлөнүн күйөө баласы, 29 жаштагы Султан Сарсемалиев шектелип жатканы белгилүү болгон.
Февраль айынын соңунда жубайлардын өлүмүнө шектүү Индонезияда кармалганы кабарланган. Аны менен кошо буга чейин дайынсыз жоголду деп эл аралык издөөгө жарыяланган мурдагы жубайы да табылган. Кийинчерээк алар Казакстанга экстрадицияланган.
Март айынын башында жубайлардын уул-кызынын сөөгү да табылган. Алардын өлүмүнө да Султан Сарсемалиев шектелүүдө.
Буга чейин Атырау облустук прокуратурасы психологиялык-психиатриялык экспертиза Сарсемалиевди «акыл-эси жайында» деген бүтүмгө келгенин билдирген.
Шерине