Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Аба ырайы: жаан жаап, тоолорго кар түшөт

12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондордо, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолундагы Көк-Арт жана Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалар ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

12-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG