Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Кыргызстан Орусиядан сатып алган күйүүчү май кымбаттады

Бишкектеги май куюучу жайлардын бири
Бишкектеги май куюучу жайлардын бири

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Кыргызстанга Орусиядан келген күйүүчү май жана дизелдин баасы кымбаттады. Буга чейин Кыргызстан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келсе, учурда анын баасы орточо 950 доллар болууда. Ал эми дизелдин тоннасы болжол менен 700 доллар болсо, азыр 1200 доллардан ашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал баанын өсүшүнө "Америка менен Израил Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери дүйнө жүзүндө газ жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттаганы" себеп болгонун белгилеген.

"Айрым жарандарыбыз “эмне үчүн кошуна Казакстанда күйүүчү май арзан да, бизде кымбат?” деген суроону берип жатышат. Мунун негизги себеби — Казакстанда ири нефть ресурсу бар, өздөрү өндүрөт жана күйүүчү май мамлекет тарабынан субсидия болот. Башкача айтканда, мамлекет каржылап өз эсебинен бааны төмөн кармап турат", - деп жазды.

Орунбеков учурда мамлекет мунайды өндүрүп, кайра иштетүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп, “Кыргызнефтегаз” жана “Жунда” заводдорунда модернизация иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин "Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын" президенти Канат Эшатов баанын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн мунай ташуучулар кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизип, күйүүчү майды акциз жана салыктардан убактылуу бошотууга чакырган.

Мунай ташуучулардын маалыматында, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убактарда 25-30% кымбаттады.

Кыргызстан өзү керектеген күйүүчү майдын 95% Орусиядан сатып алат. Соңку айларда Украина Орусиянын Кара деңиздеги жана Балтикадагы портторуна, мунай иштетүүчү заводдоруна маал-маалы менен сокку уруп жатат. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG