Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:09

ДССУнун башчысы хантавируска байланыштуу Испанияга барды

MV Hondius саякат кемеси. 3-май, 2026-жыл.
MV Hondius саякат кемеси. 3-май, 2026-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус ишембиде Испанияга барды. Ал хантавирус чыккан MV Hondius саякат кемесинин жүргүнчүлөрүн эвакуациялоого көзөмөл кылат.

AP агенттиги билдиргендей, кеме Тенерифе аралына жекшембинин таңында келет. Гебрейсус Испания өкмөтүнүн мүчөлөрү менен чогуу "жүргүнчүлөрдүн, экипаж мүчөлөрүнүн жана саламаттык сактоо эксперттеринин кемеден коопсуз чыгарылышын көзөмөлдөө үчүн" аралга бара турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта лайнердегилердин эч кимисинен вирус белгилери байкалган жок.

ДССУ башчысы X соцтармагы аркылуу Тенерифе аралынын тургундарына кайрылып, "бул дагы бир COVID-19 эмес" экенин жана "хантавирустан коомчулуктун саламаттыгына коркунуч төмөн экенин" билдирди. Анын сөзүнө ылайык, жүргүнчүлөр кемеден Гранадилья өндүрүш портуна - эл жашаган аймактардан алыста түшүрүлөт жана өз өлкөлөрүнө жиберилет.

"23 өлкөдөн дээрлик 150 адам бир аптадан бери деңизде болушту, алардын айрымдары кайгыда, баары коркуп калышкан, баары үйлөрүн сагынышты. Тенерифе күчтүү медицинасы, инфратүзүмү жана адамгерчилиги менен, аларга коопсуз жакка жетүүсүнө көмөктөшүү үчүн тандалган", – деп жазды Гебрейсус.

Испаниянын ички иштер министринин айтуусунда, Германия, Франция, Бельгия, Ирландия жана Нидерланды саякат лайнердеги жарандарын алып кетүү үчүн учак жиберет. Евробиримдик башка европалык жарандарга дагы эки учак жиберет. Учак жиберерин АКШ менен Улуу Британия да ырасташты.

MV Hondius лайнери бир ай мурда Атлантика аркылуу саякат баштоо үчүн Аргентинадан сүзүп чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча кемеде хантавирустун такталган жана болжолдонгон сегиз учуру аныкталган, үч адам - нидерланддык жубайлар жана Германиянын жараны көз жумду.

ДССУ буга чейин аталган кемеде хантавирус кишиден кишиге жугушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес. Адатта бул вирус кемирүүчүлөрдөн жугат, бирок 5-май күнү ДССУ бул учурда вирус круиздик кеменин бортундагы "өтө жакын байланыштан" улам тарашы ыктымалдыгын билдирген.
Адистер мындай жол менен жугуу сейрек кездешерин жана элге коркунучу төмөндүгүн белгилешүүдө.

  • Хантавирустун бир нече түрлөрү бар. Вирус эки илдетке алып келиши мүмкүн: биринчисинде адамдын өпкөсү сезгенет, экинчисинде бөйрөктөрү жабыркайт. Өпкө оорусуна өзгөчө көңүл бурулат, себеби 40% учурда өлүм менен аяктайт. Илдеттин вакцинасы азырынча чыга элек.
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG