АКШ президенти Дональд Трамтын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер жакын арада Москвага барары күтүлүүдө. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владмир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
"Эртели-кеч, менимче жакын арада Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Москвага келишет, биз алар менен диалогду улантабыз", - деген Ушаков журналист Павел Зарубинге. Ал "Вашингтон Украина маселесин таштап салган жок деп айта албасын" билдерген.
Мурдараак Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн Москвага делегация жөнөтүүгө даяр экенин билдирген.
"Мен аны кылмакмын, мен бул согуш бүтүшүн абдан каалайм", - деген АКШ президенти.
8-майда мамлекеттик катчы Марко Рубио АКШ тынчтык келишимине жетишүү үчүн Орусия менен Украинанын ортосунда ортомчу болууга даяр экенин, бирок Вашингтон жараян алдыга жылбаса, "убакытты текке кетирбей" турганын билдирген.
Рубионун айтымында, АКШнын аракети "айрым себептерден" улам жемишин бере элек жана сүйлөшүүлөр токтоп турат.
Шерине