20га жакын өлкө Украина менен дрондор боюнча келишимге кол коюга кызыкдар экенин президент Владимир Зеленский билдирди. Ал кошумчалагандай төрт мамлекет менен бул багытта макулдашуу жетишилди.
«Төрт макулдашууга буга чейин эле кол коюлган, эми ошол келишимдердин алгачкылары даярдалып жатат», — деп жазды Зеленский X социалдык тармагына.
Февралдын аягында Ирандагы согуш башталгандан бери Украинанын дрон согушундагы тажрыйбасына кызыккандар көбөйө баштады.
Апрель айында Украина Германия, Норвегия жана Нидерланд менен коргонуу жана дрондор боюнча келишимдерге кол койгон. Ага чейин март айынын соңунда Сауд Арабиясы, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтери менен узак мөөнөттүү коопсуздук өнөктөштүгү боюнча макулдашуулар түзүлгөн.
Өткөн айда Украина Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен да коргонуу жана энергетика тармактары боюнча келишимдерге кол койгон.
Зеленскийдин айтымында, жетишилген макулдашуулардын аркасында Украина зарыл болгон көлөмдө күйүүчү май ала баштады. Бирок ал бул тууралуу кеңири маалымат берген жок.
Зеленский дрон дипломатиясы аркылуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен энергетикалык камсыздоо боюнча келишимдерди түзүүгө, ошондой эле Украинанын айыл чарба продукциясы үчүн жаңы базарларды ачууга үмүттөнүп жатканын кошумчалады.
Шерине