Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Өкмөт үлүштүк курулушка жаңы тартип киргизүүнү көздөөдө

"Эмаком" компаниясынын курулушу бүтпөй турган объектилеринин бири. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
"Эмаком" компаниясынын курулушу бүтпөй турган объектилеринин бири. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк негизде куруу тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо. Буга байланыштуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, көп кабаттуу үй курган курулуш компаниялары жарандардын акчасына мурдагыдай ээлик кыла албайт. Бардык объекттер мамлекеттик реестрге катталат, батир сатуу реестр аркылуу гана жүргүзүлөт. Реестрге киргизилбеген объекттерден батир сатууга жол берилбейт.

Сатып алуучулардын акчасы банктардагы атайын эскроу-эсептерде сакталат, ал эми куруучу каражатты иштин ар бир этабы бүткөндө гана ала алат. Мындан тышкары куруучуларга үлүшкерлерден баштапкы келишим, карыз, инвестициялык келишимдер жана башка жолдор менен мыйзамсыз акча алууга тыюу салынат.

Мыйзам долбоору ошондой эле “көмүскө схемаларга” тыюу салып, батирлерди бир нече кожоюнга сатууга жол бербейт. Курулуш компанияларынын жетекчилери, ээлеринин түздөн-түз жоопкерчилиги менен батир сатууга тыюу салынат.

Курулуш компаниясынын күнөөсү менен курулуш токтоп калса объект башка компанияга же Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Алар курулушту бүтүрүүгө милдеттендирилет.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, бул жоболор үлүштүк курулуш тармагындагы шылуундукту жоюуга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

Кыргызстанда “KG групп”, “Көчмөн Сити”, "Дөөлөт курулуш" сыяктуу бир катар курулуш компаниялары салып жаткан объектилер түрдүү себептер менен үзгүлтүккө учурап, анда жүздөгөн үлүшчүлөр жабыркаган. Алардын курулуш объекттери мамлекетке алынып, ишти аягына чыгаруу милдетин Мамлекеттик ипотекалык компания алган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG