Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Бактыбек Молдалиев кармалып, эки айга камакка алынды.
Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-майда карады. Аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Молдалиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (Массалык баш аламандыктар, Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) шектелүүдө. Соттун токтомуна ылайык ал 8-июлга чейин тергөө абагында болот.
Айрымдар ал социалдык тармактардагы пикири үчүн кармалганын жазышты. Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.
Соңку жылдары “массалык башаламандыкка чакырган” деген берене менен саясатчы, активист, журналисттер кармалып жатат. Укук коргоочулар бул бийликке сын айткандарга курал катары колдонулган берене экенин айтып келет. (КЕ)
Шерине