Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Украинанын Киев, Харьков, Днепропетров, Херсон облустары соккуга кабылды

Украина. Киев облусундагы Фастов районуна Орусиянын соккусунун кесепети. 12-май, 2026-жыл
Украина. Киев облусундагы Фастов районуна Орусиянын соккусунун кесепети. 12-май, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 12-майга караган түнү Украинанын Киев, Харьков, Днепропетров жана Херсон облустарына сокку урду.

Шейшембиге оогон түнү Украина менен Орусиянын ортосундагы үч күндүк элдешүү келишими аяктады. Келишим тууралуу өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаган.

Бирок тараптар бири-бирин ок атышпоо режимин бузду деп айыптап келишти, ошол эле маалда үч күн аралыгында жапырт соккулар болгон жок.

Түндө Киев облусунун Фастов районунда Орусиянын чабуулунун кесепетинен бала бакчанын чатыры өрттөндү. Ага танапташ жайгашкан төрт кабаттуу үйдүн терезелери күбүлдү. Эки жер тамга зыян келтирилди.

Бактыга жараша жапа чеккендер катталбаганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.

Киевдин мэри Виталий Кличко шаарда учкучсуз учактын калдыгы 16 кабаттуу турак жайдын чатырына кулап, өрт чыкканын билдирди. Техникалык кабаттын чатыры зыянга учураган.

Харьков облусунун Купянск районунда дрон чабуулунан ишканалардын биринин аймагында турган автобус менен жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бир жер тамга зыян келтирилди.

Днепрде чабуулдун кесепетинен бир киши жараат алып, орто оор абалда ооруканага жаткырылганын облустук аскердик администрациянын башчысыс Александр Ганжа кабарлады. Мындан тышкары Днепропетров облусунун Синельников районунда жер тамдар, чарбалык курулуш, автоунаа зыян тарткан. Бир киши каза таап, дагы бири жараат алды. Павлоградда тогуз кабаттуу үй жана машинелер зыянга учурап, эки киши жабыркады.

Херсондо артиллериялык аткылоолордон 68 жаштагы аял жараат алып, ооруканага түшкөнүн шаардык бийлик кабарлады.

Шейшембиде орус тарап Житомир облусунун жарандык инфраструктурасын да бутага алганда бир нече турак үй жана чарбалык курулуштарга зыян келтирилди.

Орусиянын Коргоо министрлиги орусиялык учактар чалгын дрондору менен биргеликте "атайын операция аймагында" (орус бийлиги Украинага кол салуусун ушинтип атайт) украин күчтөрүнүн учкучсуз авиациясынын башкаруу пункттарына сокку урганын жарыялады. Москва Украинанын жарандык жайларга атайлап сокку уруп жатат деген маалыматын моюнга албайт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 12-майга караган түнү орус армиясы 216 дрон учурду, анын 192си жок кылынды.

Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү Белгород, Воронеж жана Ростов облустарында 27 украин дрону кармалып же жок кылынганын билдирди.

Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Ошондон бери орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.

Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG