Иранда Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты, былтыркы декабрдан бери камакта жаткан Наргиз Мохаммади жети жарым жылга кесилди. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын жактоочуларынын бири билдирди.
Мостафа Нилинин Х социалдык тармагына жазганы боюнча, Мохаммади улуттук коопсуздукка каршы кутум жана жыйындарды уюштурганы үчүн алты жылга, пропаганда жүргүзүү үчүн бир жарым жылга эркинен ажыратылды.
Адвокат укук коргоочу эки жыл сыртка чыкпоо жана Хосф шаарына ички бозгунга өкүм кылынганын кошумчалады.
"Нилинин айтымында, Мохаммади Мешхед шаарындагы абактан телефон чалып, аны сотко алып баратышканын кабарлаган. Ал түрмөгө кайтарылардын алдында ооруганын, ден соолугу кескин начарлаганын жана ооруканага жатып чыкканын айтып жатканда телефон байланыш үзүлгөн, - деп дейт адвокат.
Аялдардын укуктары, өлүм жазасын алып салуу үчүн узак жылдардан бери күрөшүп келген 53 жаштагы Мохаммади 2023-жылы Нобел тынчтык сыйлыгын алган. Былтыр 12-декабрда укук коргоочу активист, адвокат, күмөндүү жагдайда каза болгон Хосров Аликордини эскерүү иш- чарасына катышкан жеринен кармалган. Ошондо прокуратура ал "чагымчыл билдирүүлөрдү жасап", элди "коомдук тартипти бузууга шыкактаган" деп билдирген. Мохаммади кармоо учурунда аны союл менен сабашканын айткан. Кийин ага бир нече жолу алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Үстүбүздөгү айдын башында Мохаммади “мыйзамсыз кармалганына жана абактагы начар шарттарга нааразы” болуп ачкачылык жарыялаганы кабарланган.
Шерине