Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Украинада түнкү соккудан каза тапкандар жана жарадар болгондор бар

Харьков облусу орус армиясынын соккусунан кийин. Украина, 9-февраль, 2026-жыл.
Харьков облусу орус армиясынын соккусунан кийин. Украина, 9-февраль, 2026-жыл.

9-февралга караган түнү орус аскерлери 11 "Искандер" баллистикалык ракеталары жана 149 дрон менен сокку урганын Украинанын абадан коргонуу күчтөрү маалымдады.

Алдын ала маалыматка ылайык, 116 пилотсуз учак жана ракеталардын бир нечеси атып түшүрүлдү.

Чернигов облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Вячеслав Чаус 71 жаштагы киши каза тапканын, төртөө жарадар болгонун жана турак үйлөр зыян тартканын, кээ бирлери урандыга айланганын билдирди.

Анын айтымында, жекшембиде орус армиясы Семеновка айылын аткылап, электр зымдары керектен чыкты.

Харьков облусунда орус дронунун соккусу бир аял менен 10 жаштагы баланын өмүрүн алды. Бул тууралуу Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы кабарлады.

Одессада түнкү аткылоодон жергиликтүү тургун набыт болду, экөө жараат алды. Шаар администрациясынын башчысы Сергей Лысак турак жайларга зыян келтирилгенин кошумчалады.

Жарадар болгондор Днепропетровск облусунда да катталды.

Волынь аймагында орусиялык пилотсуз учактар энергетикалык объектиге чабуул койгондо Нововолынск шаары электр жарыгысыз калды. Буга чейин 7-февралдагы аткылоодон калаа 24 саат бою электр жарыгы, суу жана жылуулугу жок калган.

Киевде да көптөгөн үйлөргө жылуулук жана жарык бериле элек. Украин президенти Владимир Зеленский жекшембинин кечинде билдиргендей, бир күндө баш калаадагы атайын борборлорго дээрлик 9 миң адам жылынып алуу үчүн кайрылды.

Кычыраган суукта Орусия кошуна өлкөсүнүн энергетикалык жайларын бутага алганы он миңдеген турак жайды жылуулук, электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап келатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG