International Partnership for Human Rights (IPHR) эл аралык уюму, Казакстандын адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу, Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясы (AHRCA) жана Түркмөнстан Адам укуктары боюнча демилгеси (TIHR) чогуу билдирүү жасап, Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандык мейкиндикти жана жеке пикирди чектөө максатында онлайн репрессия колдонуу күч алганын эскертишти.
Ошондой эле алар жалпы Борбор Азияда көз карандысыз жарандык коом жана медиа платформалар интернеттеги каралоо, троллинг жана башка коркутуулардын күчөшүнө туш болуп жатканын айтышты.
"Коррупция, аял укуктары жана башка коомдун аялуу катмарынын укуктарын коргогондор - өзгөчө чет жактан каржылангандар - улуттук коопсуздукка же "улуттук баалуулуктарга" коркунуч катары көрсөтүлөт", - деп жазылган билдирүүдө.
Анда ошондой эле журналисттерге, жарандык активисттерге техникалык чектөөлөр тууралуу айтылган. Тагыраагы, Казакстанда эркин маалымат каражаттарынын сайттарына киберчабуулдар жасалып, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда көз карандысыз медиа платформалар "ойлоп табылган себептер" менен бөгөттөлүп же жабылганы, ал эми Түркмөнстанда ар тараптуу цензура болуп жатканы белгиленди.
Кайрылууда эң тынчсыздандырган көрүнүш катары соцтармактарда контентке даттануу кыянаттыкка айланып баратканы, соцтармактарда координацияланган жана негизсиз билдирүүлөр көз карандысыз аккаунттардын токтотулушуна же жок кылынышына алып келери айтылган. Алар ошондой эле Казакстанда мындай арыздардан кийин журналисттерге, маалымат каражаттарына жана бейөкмөт уюмдарга таандык аккаунттардын же контенттин бөгөттөлүшү же жок кылынышы тууралуу кабарлар көбөйгөнүн эске салышты. Мындай учурлар 2026-жылдын мартындагы конституциялык референдумга чейин эң жогорку чегине жеткени, бирок андан кийин да улана бергени айтылды.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн жеке пикирди онлайн билдирүүгө каршы мыйзамдарды кыянаттык менен пайдаланууну жана жарандык коомдун өкүлдөрүн коркутуп, куугунтуктоону токтотууга, санарип мейкиндиктин ачыктыгын, коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого чакырышкан. Алар журналисттерди, укук коргоочуларды жана блогерлерди ишмердиги үчүн куугуктуктан коргоо зарылчылыгын да белгилешти.
Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.
Эл аралык уюмдар Борбор Азияда медиага жана активисттерге онлайн кысым күчөгөнүн билдиришти
Шерине