Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:11

Трамп мамлекеттик сапар менен Кытайга барды

Дональд Трамп жана Си Цзиньпин. Октябрь, 2025-жыл
Дональд Трамп жана Си Цзиньпин. Октябрь, 2025-жыл

АКШ президенти Дональд Трамптын Кытай сапары башталды. Бул америкалык президенттин Кытайга 2017-жылдан берки алгачкы сапары.

Мамлекеттик визит 13-15-май күндөрү, үч күнгө созулат. Сапардын негизги күнү 14-май болот. Трамп Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушат. .

Кытайга чыгардын алдында Трамп Си Цзинпинге өз урматын билдирип, визит эки мамлекетке бирдей жакшы жыйынтык алып келерин айтты. Кытай менен АКШны ал эки "ири держава" деп атап, сүйлөшүүлөрдө соода алакасы да талкууланарын белгиледи.

Талкууланчу темалардын арасында Ирандагы кырдаалды да атап, Кытай Ормуз кысыгы ачылышын кааларын, бирок АКШ бул маселени чечүүдө Бээжиндин жардамына муктаж эместигин белгиледи. Трамп ошондой Си Цзиньпин америкалык курал-жарак Тайванга жиберилиши боюнча маселени да көтөрөт деп айтты.

АКШ делегациясынын курамында ири ишкерлер, анын ичинде Илон Маск жана Apple компаниясынын башчысы Тим Кук бар.

Трамптын Кытайга мамилеси акыркы убактарда кыйла жумшарды, ал өлкөнү президенттик мөөнөтүнүн башындагыдай кымбат төлөмдөр менен коркутпайт. Талдоочулар АКШга Ирандын айланасындагы кырдаалда Кытайдын көмөгү керектигин айтып келишет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG