Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары баш болгон төрт адам эки айга камалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 13-июнга чейин камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү берген.

Райондук сот андан тышкары “Ред Петролеум” бренди менен таанымал “Альфа Ойл” компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматовду, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун төрагасынын мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаровду да 13-июнга чейин камакка алды.

Андан тышкары Кубанычбек Чакибаев да камалды. Ал тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жок.

Алардын баарына тең Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды.

Аскер прокуратурасы буга чейин УКМКнын мурдагы жана азыркы жооптуу кызматкерлери кармалганын билдирип, бирок козголгон кылмыш иши боюнча кенен маалымат берген эмес.

Акылбек Маматов - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу. “Ред Петролеум” компаниясы 2015-2020-жылдар аралыгында мунай ташууга 3900дөй мамлекеттик келишим түзүп, 1 млрд сомдон ашык пайда тапканы журналисттик иликтөөдө айтылган. Буга атасы Абдимуктар Маматовдун Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши байланыштырылган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG