Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:33

Бишкектин мэри "Манастын" аймагынан өтө турган Миңжылкиев көчөсү ачыларын айтты

Айбек Жунушалиев  (архив)
Айбек Жунушалиев (архив)

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев нааразылыктарга карабай, борбор калаадагы Тыналиев жана Айтматов көчөлөрүн бириктирүүчү Миңжылкиев көчөсү ачыларын белгиледи. Мэр бул тууралуу 15-апрелде Бишкек жылуулук электр борборуна барганда жасаган видеокайрылуусунда билдирди.

Жунушалиев "Манас" университетинин аймагы аркылуу өтүүчү жол ачыларын, андан жашыл аймак жабыркабасын айтты. Шаардагы Баласагын атындагы, Карасаев атындагы, Раззаков атындагы университеттерди жана башка жогорку окуу жайлары чоң көчөлөрдүн боюнда коопсуз турганын мисал келтирди.

"Манас" университети, Миңжылкиев көчөсү тууралуу маселени жабыш керек. Жол ачылат, ачабыз. Ал жерде коопсуздук маселелеринин баарын чечебиз, талаптарды да коебуз. Канча жылдан бери кылбаган иштерин, университетке да талап коебуз. Үч күндөн бери университеттин студенттери кандай тарбия алганыңарды көрдүк, орусча да, кыргызча да сөгүп, аны Фейсбукка коюп атасыңар. Бул эмне деген тарбия?" - деди Айбек Жунушалиев.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кампусун кесип өтчү жаңы жолду ачууну көздөгөн Бишкек мэриясынын демилгесине университеттин бир катар студенттери, бүтүрүүчүлөрү, айрым шаар тургундары каршы чыгууда.

Социалдык тармакта мэриянын демилгесине каршы чыккандар окуу жайдын аймагынан жол өткөрүү шаардагы жашыл аймактын кыскартып, коопсуздукка кедергисин тийгизет деген жүйө келтирүүдө.

Жунушалиевдин видеокайрылуусуна аталган окуу жай тараптан комментерий бериле элек. (ZKo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG