Орусиядан каттоодон чыкпаган автоунааларды Кыргызстанда мыйзамсыз каттоого шек саналып президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун ("Унаа" мекемеси) үч кызматкери кармалды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, аталган борбордун "Биримдик 24" бөлүмүндө иштеген үч кызматкер жарандар менен сүйлөшүп алып, акчалай сыйлык үчүн Орусияда каттоодон чыгарылбаган машиналарды мыйзамсыз катташканы аныкталган.
УКМК "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо жана ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин чет элдик номурлуу автоунааны мыйзамдаштыруу иши жүргөн. Биринчи кезекте документи барлар, экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талапка жооп бергендери каттоого алынган. Андан тышкары документи жок автоунааны башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
Кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөгөн.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, былтыр 1-апрелден 1-октябрга чейинки аралыкта Кыргызстанда чет элдик номурлар менен жүргөн 30 086 унаа легалдаштырылган. Убагында мыйзамдаштырылбаган 4 миңдей автоунаа ушул тапта чет өлкөлүк номур менен жүрөт. Анын ичинде 766 унаа атайын токтотмого коюлган.(ZKo)
Шерине