Ал арада Украина Норвегия жана Германия менен коргонуу тармагында бир нече келишим түздү.
Запорожье облусунун башчысы Иван Федоровдун айтымында, таңкы соккудан 74 жаштагы аял каза болду. Ал автобус аялдамасынын жанындагы күркөдө болчу. Соккудан көп кабаттуу турак жайлар, чарбалык имараттар менен машиналар жарым-жартылай талкаланды.
Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде 324 дрон менен "Искандер-М" баллистикалык үч ракета атылганын билдирди.
Сумы облусунда өрт өчүрүүчүлөр өнөр жай зонасында таң аткыча соккудан кийин тутанган өрт менен күрөшүп жатышты.
Орус Коргоо министрлиги бул маалыматтарга байланыштуу комментарий жасаган жок.
Түнкү чабуулдан Днепрде үч киши жабыркады. Калаада бүгүн аза күтүү жарыяланган. Шейшембиде орус аскерлеринин урган соккусунан беш киши ажал тапты, 25и жарадар болду. Днепропетровск облусунун администрация башчысы Александр Ганжанын айтымында, 10 киши оор абалда ооруканага жеткирилген, бирөө ошол жакта көз жумду.
Украинанын вице-премьери Алексей Кулеба: «Ошол карапайым кишилер машинесин айдап, жумуштары менен жүргөн, үй-бүлөлөрү күтүп жаткан үйлөрүнө бараткан», - деп Телеграм каналына жазды.
Бир дүрмөт кафе менен азык-түлүк дүкөнүнө тийген.
Ошол эле күнү кечинде Черкассы шаарында сегиз жаштагы бала набыт болду. Аймактын аскердик администрациясы дагы тогуз киши, арасында бир жеткинчек жабыркаганын билдирди.
Эксперттер Орусия дрондорду күндүз учуруу менен жаңы тактиканы сынап жатканын белгилешет. Мындай тенденция март-апрель айларында байкала баштады. Буга чейин учкучсуз учактар түн бою сокку уруп, таң атканда токтотушчу.
Украин президентинин кеңсе башчысынын орун басары, генерал Павел Палисанын пикиринде, Орусия муну жайкын адамдардын жүрөк үшүн алуу жана көбүрөөк экономикалык зыян келтирүү үчүн жасап жатат.
"Орусия карапайым эл арасында жоготуулар көбүрөөк болсун деп түнкү соккуларына кошумча күндүз да аткылап жатат. Катардагы кишилерге басым болсун дешет. Буга чейин энергетика жана жылуулук системасын бутага алуу менен басым жасашчу. Жылуулук берүү сезону аяктаганы жайкын тургундардын үшүн алууну көздөшөт", - деп айтты генерал "РБК-Украина" агенттигине.
Ал кошумчалагандай, жапырт соккулар бизнестин ишин токтотуп коет.
Украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере менен биргелешкен маалымат жыйында Днепр шаарында каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.
Ослодогу сапар учурунда тараптар учкучсуз учактар тармагында кызматташуу тууралуу макулдашты. Ага ылайык, Норвегия Украинага дрон чыгарууга көмөктөшөт, ал эми Украина технологиялары менен бөлүшөт.
"Биз Украинанын орус агрессиясы менен оор согушта топтоп жаткан тажрыйбасынан үйрөнө алабыз. Бул маанилүү. Стратегиялык кызматташтыктын алкагында тажрыйба алмаша алабыз. Биз украиндердин тажрыйбасынан сабак алып, куралдуу күчтөрүбүздү ыңгайлаштырабыз, анын негизинде коргонуу планыбызды иштеп чыкса болот", - деп айтты Стере.
Анын алдында украин президенти Берлинде болуп, Германия жана Украина стратегиялык кызматташтык жана коргонуу багытында бир нече келишим түзүштү.
Владимир Зеленский ZDF каналына берген маегинде Ирандагы согуштан улам Вашингтондун "Украинага убактысы калбай калганын" айткан:
"Алар (сүйлөшүүлөргө катышкан чабармандар) Иран менен такай байланышып, Украинага убактысы жок. Ирандагы согуш создугуп кетсе, Украинага азыраак курал берилип калат".
Зеленский Patriot абадан коргонуу системалары тартыш болуп жатканын, өкүнүчтүү абал түзүлгөнүн белгиледи.
Ал ортодо 14-апрелде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Вашингтон Украинаны курал-жарак менен камсыздоону токтотконун билдирди:
“Биз Европага курал сатып алгыңар келсе, өзүңөр кыла бергиле, Кошмо Штаттар Украинага курал албайт жана жөнөтпөйт. Биз бул иштен чыктык. Бул абдан жакшы".
Вице-президент муну администрациянын сыймыктана турган кадамы деп эсептейт.
Кызматка киришери менен АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп Украинадагы согушту токтоторун билдирген. Бирок сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасы өткөнү менен дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.
Шерине