15-апрелдин таңында дрондор Орусиянын Башкырстан жумуриятындагы Стерлитамак шаарын бутага алды.
Жергиликтүү тургундар жарылуулар жана өрт тууралуу билдирип, социалдык тармактарда дрондордун учуп баратканы жана жарылуулар тартылган видеолор тарады.
Аймак башчысы Радий Хабиров бир нече дрон өнөр жай аймагынын үстүндө атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, алардын сыныктары ишканалардын биринин аймагына түшүп, өрт чыккан.
Кийинчерээк Хабиров дрон чабуулунун натыйжасында ишканалардын бириндеги өрт өчүрүү кызматынын айдоочусу каза болгонун билдирди. Кошумча маалымат берилген жок.
ASTRA басылмасы күбөлөр тарткан сүрөт жана видеолорду талдап чыгып, чабуул Стерлитамак мунай-химия заводуна багытталган болушу мүмкүн деген тыянакка келген. Бул завод авиациялык отун, синтетикалык каучук жана башка химиялык продукция чыгарат жана "Росхим" ишканасынын курамына кирет.
Маалыматтарга караганда, чабуулдан кийин заводдун кызматкерлери жана шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери эвакуацияланган.
Украина тарап азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек. Украина менен Башкырстандын ортосундагы аралык болжол менен 1500 чакырымды түзөт.
Шерине