Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:12

Трамп Путин менен Орусия Донбассты бүт алары жөнүндө келишим болбогонун айтты

Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан учуру. Вашингтон. 12-май, 2026-жыл.
Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан учуру. Вашингтон. 12-май, 2026-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп 12-майда Кытайга учар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Владимир Путин менен "Донбассты бүт бойдон Орусия алат" деген келишимге барбаганын билдирди.

Журналисттин Путин экөөнүн ортосунда Орусия Донбассты бүт алат деген "түшүнүк" болду беле деген суроосуна Трамп кыскача "жок" деп жооп берип, жагдайын айткан жок.

ТАССтын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып Трамп быйылкы жылы Орусияга барарын, Украинадагы согуштун аякташына "колдон келгенди" кыларын айтты. Ал ошондой эле согуштун аягы жакын калганы тууралуу оюн да билдирди.

Москва украин аскерлеринин Донецк облусунун аймагынан чыгып кетишин Украинадагы согушту токтотуунун шарты деп атап келет. Орусиянын жогорку деңгээлдеги ишмерлери акыркы күндөрү бир нече жолудан бул Москва Киевден күтүп жаткан негизги чечим экенин айтышты.

Ачык айтпаганы менен орусиялык өкүлдөр былтыр августта бул маселе АКШ менен Орусия лидерлеринин Анкориждеги жолугушуусунда талкууланганын ишара кылып келишет.

Украинанын бийлиги Донбассты Орусияга өткөрүп берүү талабына макул эместигин билдирип келет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG