Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:12

Шайлоодо талапкерди каттоо шартын катаалдатуу мыйзамы сунушталды

Добуш берүүгө келген шайлоочу. Иллюстрация сүрөт.
Добуш берүүгө келген шайлоочу. Иллюстрация сүрөт.

Президенттик жана парламенттик шайлоодо талапкерди каттоонун жол-жобосун катаалдаткан мыйзам долбоору сунушталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев демилгелеген долбоордо талапкер болуу ниетин жаран эми шайлоо фондун түзгөндөн жана шайлоо күрөөсүн төккөндөн кийин билдире алат.

Депутаттар буга чейинки шайлоолордо талапкер болууга арыз жазганы менен фонд түзбөй, күрөө төкпөй койгондор көп болгонун белгилеп, муну убаракерчилик жана ак ниет саясий атаандаштык принцибине каршы келет деп баалашкан.

Былтыр өткөн парламенттик шайлоого катышуу ниети жөнүндө берилген 589 арыздын ичинен 467си гана катталганын, алардын 122си арыз жазуу менен гана чектелгенин келтиришкен.

Мындан тышкары үгүтчүлөрдүн санын өзгөртүү сунушталууда. Маселен, президенттик шайлоодо 10 миң жана парламенттикте 1 миң үгүтчүгө уруксат берилсе, жаңы долбоордо бир шайлоо тилкеси үчүн эң көп дегенде үч үгүтчү каралат.

Талапкерди колдоо үчүн кол топтоо жараянын электрондук форматта жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталууда.

Шайлоо мыйзамына былтыр апрелде өзгөртүү киргизилип, Жогорку Кеңешке 30 округ аркылуу 90 депутат шайланып келе турган болгон. Буга чейин 36 мандат округдардан уткан талапкерлерге, калган 54 мандат саясий партияларга берилип келген. Мындан тышкары үгүтчүлөрдүн саны 500дөн 1 миңге, шайлоо күрөөсү 300 миң сомго көбөйгөн.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG