Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев 14-майда Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) райондук башкармалык башчысы жыйынга катышпаганы үчүн кызматтан кетүүсүн талап кылды.
Ал Ноокат шаардык "Тазалык" ишканасына таандык автобаза менчикке чыгып кеткенин, мекемени мамлекетке кайтаруу боюнча УКМКга арыз берилгенин айткан мэрдин маалыматын тактоо үчүн УКМКнын райондук жетекчисин таппай калганда өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган жаранга кайрылып:
"Бул жерде бардык күч структураларынын жетекчилери отурушат. Силердики неге жок? Эмне үчүн мурдагы чогулушка да катышкан жок? УКМК өзүнчө мамлекет болуп алгансыңарбы? Жетекчиңе айтып кой, арызын жазып иштен кете берсин. Мен азыр бул жактан чыгып сунуш беремин кызматтан алынышына. Биз бул жерде ойноп келген жокпуз. Шаардын, элдин маселеси чечилип жатат. Эмне үчүн менчикке чыккан жерди карабайсыңар?", - деди.
УКМК кызматкери жетекчиси облуска жыйынга кеткенин жооп кылды.
Ноокаттын мэри шаардык "Тазалык" ишканасынын автобазасы 25 жыл мурун мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин, учурда атайын техникасы көчөдө калып жатканын, базанын жерин ишканага кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылганын жыйында билдирди.
Мэрдин сөзүнө караганда, "Тазалыктын" автобазасын менчикке алган адам ал жерге унаа оңдоочу жай ачып, иштетип келет.
Аманкан Кенжебаевдин УКМКнын жергиликтүү жетекчисин сындаган сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, соцтармактарда "Ташиевдин тушунда неге минте албады" деген билдирүүлөр менен коштолууда.
Президенттин тапшырмасы менен облус, шаар башчылары 11-майдан бери жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлөрүн угуп жатышат. Президенттик администрация жолугушуулар алдыңкы эки ай бою болорун маалымдаган.(ZKo)
Шерине