Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Астанада Эрдоган “Кожо Ахмет Ясави” ордени менен сыйланды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 14-май, 2026-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 14-май, 2026-жыл.

Астанага мамлекеттик сапар менен барган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 14-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен чакан курамда сүйлөшүү өткөрүп, Казакстан–Түркия стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйынына катышты.

Анда тараптар энергетика, коргонуу, соода, маданият жана билим берүү, ошондой эле логистика маселелерин талкуулашты.

Жыйында сүйлөгөн Токаев Түркия Казакстандын экономикасына алты миллиард доллар инвестиция салганын, ал эми Казакстандын Түркияга салган инвестициясы 2,5 миллиард долларга жеткенин айтты.

Анын айтымында, эки өлкө «Түбөлүк достук жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө» декларация кабыл алышат.

Жыйында айтылган маалыматка караганда, былтыр эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү мурунку жылга салыштырмалуу 8,8% өсүп, 5,4 миллиард долларга жеткен.

Түркия Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Бүгүнкү жыйында эки өлкөнүн лидерлери соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдашты.

Токаев жыйында «Казакстан Түркияга азыртан эле 34 түрдүү товар боюнча экспорт көлөмүн көбөйтө аларын, алардын жалпы баасы 630 миллион доллардан ашарын» айтты.

Жыйында Казакстан үчүн маанилүү эл аралык транспорттук багыт болуп эсептелген «Ортоңку коридор» маселеси да талкууланды.

«Мамлекет башчысы Транскаспий эл аралык транспорт коридоруна башка өлкөлөрдүн кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, түрк компанияларын Курук жана Актау порттору аркылуу жүк ташууну көбөйтүүгө багытталган долбоорлорго активдүү катышууга чакырды», — деп билдирди Ак ордонун басма сөз кызматы.

Тараптар маданий жана гуманитардык байланыштарды дагы талкуулашты. Былтыр июлда Анкарада өткөн кеңештин бешинчи жыйынында Казакстанда Түркиянын эки мектеби жана бир университетинин филиалы ачылары макулдашылган. Маалыматка караганда, Токаев жыйында бул маселени дагы бир жолу белгиледи.

Ак ордонун маалыматы боюнча, учурда Түркияда Казакстандын 14 миңге жакын жараны билим алат. Ал эми Казакстанда 260тай түрк студент окуйт.

Ак ордонун билдирүүсүнө ылайык, жыйынга президенттерден тышкары Казакстандын вице-премьери жана улуттук экономика министри Серик Жумангарин, «Самрук-Казына» фондунун башчысы Нурлан Жакыпов катышты. Түркия тараптан өлкөнүн тышкы иштер министри Хакан Фидан жана соода министри Болат Өмер баяндама жасашты.

Мындан тышкары, Токаев Эрдоганга Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарынын тизмесине жаңы кошулган «Кожо Ахмет Ясави» орденин тапшырды. Эрдоган бул ордендин биринчи ээси болду.

Жолугушуулардан кийин эки лидер Түркстан шаарына жөнөп кетери күтүлүүдө. 15-майда ал жерде Түрк мамлекеттери уюмунун бейрасмий саммити өтөт.

Эксперттердин айтымында, Кытай менен Орусиянын ортосунда жайгашкан Казакстан тышкы саясаттагы тең салмакты сактоо үчүн Түркия менен жакындашууга аргасыз.

Орусиянын армиясы Украинага согуш ачкандан кийин Казакстан аскердик өнөктөштүктү диверсификациялоого жана Түркия менен коргонуу тармагындагы байланыштарды бекемдөөгө аракет кылып жатат. Учурда Казакстанда түрк аскердик дрондорун өндүрүү маселеси каралууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG