Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

"Териштирүү жабык уланат". Ташиев баштаган сегиз кишинин соту

Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев. Коллаж сүрөт.
Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев. Коллаж сүрөт.

Атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучунун соту 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Буга чейин процессти ачык өткөрүү тууралуу өтүнүч берилип, судья аны четке какканы белгилүү болгон.

Айыпталуучулардын бири Курманкул Зулушев пикирин билдирүүдөн карманды. 1-июндагы отурумда айрым айыпталуучуларга иш менен таанышууга убакыт берилди.

Коомчулукта “75чилердин каты” деген аталыш менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук териштирүү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Ага айыпталуучулардын бири – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка айыпталуучулар келди.

Дагы бир айыпталуучу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев коюлган айып жана сот процесси тууралуу бул жолу да пикир билдирүүдөн карманды.

"Кылмыш иши купуя болгондуктан мен азыр эмнени айта алам? Мандат, сот маселеси, айып угузуу боюнча процесс... Баары бүтөт, баары боюнча маалымат беребиз. Ошондуктан чуркап, өзүңүздөргө да, бизге да ыңгайсыздык кылбай туруңуздар. Мен интервьюдан качкан жерим жок. Баарын убагы келгенде айтабыз, Кудай буюрса. Сабыр кылып туруңуздар", - деди ал.

1-июндагы отурумда айыптоо актысы окулуп, айыпталуучуларга жана адвокаттарга иш менен таанышууга 4-июнга чейин убакыт берилди.

"75чилердин катына" байланыштуу соттук териштирүү башынан бери жабык каралууда. Буга кылмыш ишин тергеген Ички иштер министрлигинин (ИИМ) материалга жашыруун грифин койгону негиз болгон.

18-майдагы отурумдагы баштапкы угууда сотко ишти ачык кароо тууралуу өтүнүч берилип, ал четке кагылганын айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев билдирди:

"Жабык кароого эч кандай негиз жок. Мыйзамда “материалда купуя маалыматтар болсо” деп айтылган. Бул жерде купуя сырлар бар экен. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, купуя бөлүгү боюнча гана жабык сот өткөрсө болот. Андан башка суракка алуу же башка соттук териштирүүлөрдү ачык өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар, мыйзамда да ошондой көрсөтүлгөн. Ал боюнча Конституциялык соттун чечими да бар. Купуя жана купуя эмес материалдар бөлүнүп, ачык жана жабык соттор аныкталышы керек”.

Адвокат Ногоев буга чейин айыпталуучулардын айрымдары эркиндикте, кээ бирлерди абакта кармалып жатканы боюнча пикирин билдирип, бул жагдайды “түшүнүксүз” деп мүнөздөгөн. Ал бардык айыпталуучулар эркиндикте болушу керек деген мааниде айтканын 1-июнда журналисттерге тактады.

Бул иш боюнча жалпы сегиз адам айыпталып жатат жана алардын ичинен Ташиев, Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу эч жакка кетпөө тилкаты менен эркиндикте жүрөт. Кылмыш ишинде аларга “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов тергөө абагында.

Аларга “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Бул окуя 9-февралда коомдук-саясий ишмерлерден турган 75 кишинин президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча бийликке жолдогон катынан башталган. Мындан бир күндөн кийин президент Жапаров Ташиевди ээлеген кызматтарынан бошоткон.

Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң экс-төрага баштаган бир нече эл өкүлү депутаттык мандатын тапшырган. Ал буга чейинки отурумдарда коюлган айыпка макул эместигин билдирген.

Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын соцтармактарга жазган. “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.

Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG