Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

"Сот жабык өткөнү үчүн суроо көп". "75чилердин каты" боюнча өкүм чыгары күтүлүүдө

Бишкектин Биринчи май райондук соту. Архив.
Бишкектин Биринчи май райондук соту. Архив.

"75чилердин катына" байланыштуу сот процесси Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн да уланды. Айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Алардын жактоочулары соттук териштирүүдө ынанымдуу далил келтирилбегенин, алар акталышы керектигин айтышууда.

Бул боюнча талдоочулардын пикирлери да бир кылка эмес. Соттун чечими саясий кырдаалга кандай таасир этет?

Бүгүнкү сот отурумуна УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган айыпталуучулар толук катышып, жарыш сөз уланып, айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөдү. Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Буга чейинки процессте мамлекеттик айыптоочу сегиз айыпталуучуга тогуз жыл абак жазасын сураган эле. 2-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сот залына кирип баратып прокурордун сураганына комментарий берди.

"Сабыр кылып туралы. Чечим жакында чыгат. Бул айыптоо абсурд".

Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов сот айыпталуучулардын баарын акташы керектигин айтууда. Ал кылмыш ишинде ынанымдуу далил жок деп эсептейт.

"Эч кандай негиз жок. Далил жок. Баары каттын тегерегиндеги эле сөз. Өзүм таң калып атам. Мен ИИМдин тергөөсү үчүн уялып жатам. Эч кандай далилдер жок. Алар өздөрүнүн корутундусун далил катары көрсөтүшкөн. Таянганга эч нерсе жок. Бир да далил жок. Күлкү келерлик", - деди Икрамидин Айткулов.

Сот процесси 18-майдан бери уланып келатат. Тергөөдө кылмыш ишине жашыруун грифи коюлганы үчүн сот отурумдары жабык өттү. Ортодо айыпталуучулардын жана жактоочулардын өтүнүчү менен эки отурум ачык өтүп, кийин кайра жабык уланды. Мындай жагдайдан улам сот процессине баа берүү кыйын дейт, юрист Айдин Бакытбек уулу.

"Сот процесси ачык болуп, далилдүү фактылар көрсөтүлүшү керек эле. Эгерде Конституциялык соттун чечими, парламенттин корутундусу чечими алдын ала даярдалган болсо импичмент узак процесс. Ал кеминде бир ай убакытты алат. Прокуратуранын чечими керек, Консотто каралышы керек. Керектүү кагаздарды алдын ала даярдап коюшкан деп жатышпайбы. Андай болсо ошонун баарын сотто көрсөтүшү керек. Ошондо соттун чечими коомдо көп деле кесепеттерге алып келмек эмес. Ошондо эл чындап эле төңкөрүшкө даярдык көрүлгөн экен деп ынанмак. Тилекке каршы, сотту жабык кылып койду. Кандай көрсөтмө берилди, далилдер айтылды, бул жагы алсыз болуп калды".

Соттук териштирүүдө айыпталуучулардан тышкары 20га жакын күбө суралып, жашыруун делген үч адамдын көрсөтмөлөрү окулду. Ошентип, быйыл февралда башталып, саясий талаадагы негизги окуя болуп жаткан "75чилердин катына" байланыштуу иш аягына жакындап келе жатат.

Ички иштер министрлиги "бийликти күч менен басып алуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, сегиз айыпталуучунун бешөөсүн камакка алган. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-депутат Курманкул Зулушев тил каттын негизинде эркиндикте.

Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго да ушул эки берене менен айып тагылганы белгилүү болду. Алар камакта жатат.

Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов "Азаттыкка" учкай маек берди.

- "75чилердин каты" деген аталышта белгилүү болгон кылмыш иши жана буга айыпталып жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев боюнча маселе коомчулуктун көңүл борборунда. Бул иш боюнча сот иштери да аягына жакындап, жакынкы күндөрү чечим чыгары күтүлүп жатат. Сиздин пикириңизде, сот айыптаган чечим чыгарса эмне болот?

- Бийликти зордук-зомбулук менен басып алууга даярдык көрүү (КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси) айыбына токтололу. Юридикалык өңүттөн гана алганда, 75 кишинин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы тууралуу билдирүүсү айыпталуучулардын аракеттерине Кылмыш-жаза кодексинин аталган беренеси боюнча укуктук баа берүү үчүн жалгыз далилдик негиз боло албайт. Тергөөнүн колунда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесин колдонууга мүмкүндүк берген башка дагы кандайдыр бир далилдер бар экени айдан ачык. Буга айрыкча үч адамдын берген көрсөтмөлөрүнүн купуялуулугу жана башка далилдер күбө катары өтөт. Бирок акыркы жыйынтык чыгаруу үчүн сот процессинин толук аякташын күтүү керек.

Ал эми саясий көз караштан алганда, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана Садыр Жапаровдун ордуна өз кишисин бийликке алып келүү үчүн көшөгө артында саясий комбинациялар жүргөнүн белгилүү бир ишеним менен айтууга болот. Мындай чечимдин себеби айдан ачык. Бул тууралуу президент өзү да жарым-жартылай кыйыткан. Кийин Камчыбек Ташиевдин кызматынан бошотулушу, УКМК тутумунун реформаланышы, улуттук коопсуздук органдарынын жооптуу кызматкерлеринин камакка алынышы жана жумуштан айдалышы, айрым депутаттардын мандаттарын “өз ыктыяры менен” тапшырышы жана башка ушул сыяктуу чечимдер муну ачык ырастап турат.

- Сиз айтып жаткан топ мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү менен бийликте кандай өзгөртүү болушун каалашкан деп ойлойсуз?

- Мен бул суроого "75чилердин каты" жарыялангандан үч күндөн кийин жооп бергем. Менин көз карашымда, кат жолдогондордун идеясы мындай болгон. Алар Жапаровдун жеңишине толук ишенимдүү болуу жана бийликке кандайдыр бир оппозиционердин келип калышына жол бербөө максатын шылтоолоп, шайлоого Жапаров менен бирге Ташиевдин да катышуусун сунуштоону көздөшкөн. Бул учурда демилгечилер анын сөзсүз жеңишке жетерине толук ишенишкен.

Мен ошол кезде конституциялык мыйзамга таянуу менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушун сындап чыккам. Анткени Баш мыйзамда кезектеги шайлоо качан өтүшү керектиги так жазылган. Андан сырткары, өлкөбүз төрагалык кылып жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында жана ушул жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан шартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо уюштуруу туура эмес жана акылга сыйгыс аракет болот.

- Азыркы бийлик кызматка келгенден берки беш жылдан ашык убакытта Ташиев саясий чөйрөдө экинчи адам катары айтылып келген. Талдоочулар анын репутациясы, рейтинги жана таасири артканын айтып келишти. Ошол жагын эске алганда сот Ташиев жана ал баштаган айыпталуучуларды абакка кессе, саясий кырдаал кандай нукка өзгөрүшү мүмкүн?

- Образдуу айтканда, башкаруучу режимди кулатуу үчүн миңдеген адамдар көтөрүлүп чыгат деп үмүттөнүүнүн да кереги жок. Ташиев өзүнүн тарапташтарын мыйзамга баш ийүүгө, аны бузбоого чакырды. Ал мыйзамсыз аракеттерге бара турган болсо олуттуу кесепеттерге дуушар болорун түшүнүп турат. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, эгер ага эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза берилген күндө да колдонуудагы жобого ылайык, жүрөк оорусунан жабыркаган адамдарга карата камакка алуу чарасы колдонулбайт. Мындай оорулуулар үчүн жаза шарттуу мүнөздө болушу мүмкүн. Бирок бул жерде жактоочулар бардык керектүү документтерди даярдап, тиешелүү адистердин расмий корутундусун алышы керек.


  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG