Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Украин армиясы "жок кылган" кыргызстандыктар кимдер?

"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

мазмуну

  • Украинанын Коргоо министрлиги 4-августта орус аскерлеринин катарында согушуп жүргөн эки кыргыз жараны "жок кылынганын" кабарлады.
  • Маалыматка караганда, бул адамдар орус армиясына жалданып согушка барышкан.
  • Эксперттер согушуп жүргөн жана урушта каза болгондордун саны көп экенин белгилеп келишет.

Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоорунун буга чейинки маалыматына ылайык, "Орусия негизсиз бастырып кирген төрт жылдан ашуун убакта 13 миңге жакын борборазиялык орус армиясы менен келишим түзгөн". Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экени белгилүү болгон.

Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнү аныкталган. Мындан сырткары, "Хочу жить" долбоорунун маалыматында айтылгандай, орус армиясынын катарында 150гө жакын кыргызстандык каза тапкан.

Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгы орус армиясынын катарында согушка жалданган эки кыргызстандык "жок кылынганын" 4-августта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Мекеме Орусия согушка мигранттарды тартууну улантып жатканы белгиленди.

Маалыматта курман болгондордун бири 1986-жылы туулган Денис Алексеев экени, ал быйыл май айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен бир жылга келишим түзгөнү көрсөтүлгөн.

Чалгын кызматы тараткан маалыматка ылайык, Денис 1-класстагы аткыч болгон. Кыска мөөнөттүү даярдыктан өткөндөн кийин ал Донецк облусуна жөнөтүлгөн. Украин аскерлери аны болгону жарым айдан кийин, июнь айынын ортосунда Липовое конушунун жанында жок кылган. Ошондой эле анын буга чейин эле миграцияда жүргөнү, апрелде Кыргызстандын паспортун жоготуп, элчиликтен жаңы паспорт алганы белгиленген.

Украинанын Чалгын башкармалыгы Фейсбукка Алексеев орус армиясы менен келишимге кол койгону тууралуу маалымкаттын сүрөтүн дагы тиркеген.

Ачык булактардагы маалыматтан Денис Алексеев Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну экени белгилүү болду.

Ал эми экинчи жаран 1983-жылы туулган Дастан Тагаев. Ал Новосибирск шаарында эмгек мигранты катары жүргөн.

2025-жылы 10-сентябрда рейд учурунда орус укук коргоо органдарынын кызматкерлери Тагаевге мамлекеттин аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүп, 5000 рубль өлчөмүндө айып пул салышкан.

"Тагаев жыл аягына чейин Орусияда иштөөнү уланткан жана документтеринин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу полициянын камоо тууралуу басымынан кийин орус армиясы менен келишим түзгөн. Орус армиясы жалдаган башка чет элдиктер сыяктуу эле ал кыска мөөнөттө даярдыктан өтүп, согушка жөнөтүлгөн. Аны Украинанын коргонуу жана коопсуздук күчтөрү 2026-жылдын июнь айында Запорожье багытында жок кылган", - деп айтылат маалыматта.

Украинанын Чалгын кызматы алар кандай шартта "жок кылынганын" тактаган эмес.

"Азаттык" Дастан Тагаев Чүй облусунун Чүй районунунК ошой айылынан экенин тактап, туугандарын тапты. Дастандын жакын туугандарынын бири ал узак убактан бери Новосибирск шаарында иштеп жүргөнүн ырастады.

Бирок Орусиядан Украинадагы согушка кеткени тууралуу кабары жок экенин кошумчалады:

"Агам 11 жылдан бери Новосибирск шаарында иштечү. Ошончо жылдан бери Кыргызстанга келе элек, телефондон эле сүйлөшүп турчу. Бирок биз көптөн бери байланыша элек болчубуз. Бир тууган агасына жазып, ошол менен байланышчу. Акыркы жолу курулушта иштеп жатам деп айткан экен. Айлыгыбызды алты айда бир алабыз деп көбүрөөк суммада акча жөнөтүп, мал-сал алып койгула деген болчу. 70тен ашкан апабыз ошол баласын күтүп, ошону ойлоп жатып эле оорукчан болуп калды. Бирок биз согушка кеткенин билген эмеспиз".


Украинанын Чалгын кызматы аты аталган эки жаранга келишим түзүлгөндөн кийин орус паспорту берилгенби, жокпу тактаган эмес. Бул тууралуу жакындарынын деле маалыматы жок.

Соңку учурда Орусия келишим түзүп, согушка жөнөткөн жарандарга дароо өзүнүн жарандыгын берип жатканы айтылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын Коргоо министрлиги тараткан маалыматка комментарий бере элек. Министрлик жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, бөтөн элдин согушуна катышуу кылмыш экенин эскертип келет.

Украинанын мамлекеттик “Тапкым келет” (Хочу найти") долбоору 2026-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 миңдей жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын апрель айында билдирген. Бул сан алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныкталганы белгиленген. 

Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экенин белгилүү болгон. Өткөн айда Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.

"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.

"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Эксперттер согушуп жүргөн жана урушта каза болгондордун саны мындан алда канча көп экенин белгилеп жатышат.

Мигранттар менен иш алып барган "Инсан–Лейлек" уюмунун жетекчиси Гүлнара Дербишева азыр согушка азгыруу активдүү жүрүп жатканын белгилөөдө:

Гүлнара Дербишева
Гүлнара Дербишева

“Кыргызстанды алсак, май айына карата биздин 1474 жараныбыз Украинада согушуп жүрөт. Бул 2025-жылдагыга караганда төрт эсе көп экен. Орусияда миграция мыйзамдары катаалдашканы дагы буга себеп болууда. Атайын эле ушундай жолго барып жатабы? Реестр, "Амина" тиркемеси, полицияга депортация кылуу укугун берген эбегейсиз ыйгарым укуктар да себеп болуп жатат. Азыр согушка азгыруу абдан катуу жүрүүдө. Орусиянын Коргоо министрлиги жеңилдетилген жарандык беребиз дегени, үй-бүлөгө төлөм, акчалай кошумчалар дагы мигранттарды азгырып жатат. Андан сырткары реестрге кирип, чыга албагандар, Орусиядан башка жактарда тил, виза маселесинен улам иштөө мүмкүнчүлүгү жок, ошол жакта калууну каалгандар мажбур макул болуп жатышат. Мындан сырткары насыя алган, эне капиталын алган, үй-бүлөсүн алып баргандар бар да, ошондон пайдаланып жатышат”.

"Тапкым келет" долбоору согушка кетип, дайыны чыкпай жаткандарга байланыштуу 200 миң арыздын 500ү кыргызстандыктардан түшкөнүн "Азаттыкка" билдирген. Ал арада юристтер согушка кеткен жакынын издегендердин саны өсүп жатканын белгилеп келишет.

Борбор Азия өлкөлөрү Орусия Украинага бастырып кирген төрт жылдан ашуун убактан бери бул согушта канча жараны каза болгону же согушка тартылганы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG