Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Украинадагы Орусиянын согушу: 2 млн киши жок болду

Коллаж: Путин жана согуштагы жоготуулар
Коллаж: Путин жана согуштагы жоготуулар

Орусиянын жоготуулары Украинаныкына караганда жогору. Киев басып алынган жерлерин кайра кайтарууда.

Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.

Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.

Орусия "канды булоон" ыкмалардын айынан көп аскерлерин жоготууда. Мындай учурда орусиялык командирлер кандай болбосун украин аймагынын белгилүү бир бөлүгүн басып алууга аракет кылат. Айрым учурларда алар пайда көрүүгө дагы умтулушу мүмкүн.

Антрополог Александра Архипова белгилегендей, аман калган көптөгөн жоокерлер согушка кайра барбаш үчүн акча төлөөгө дагы даяр.

Center for Strategic and International Studies белгилегендей, орус армиясынын жоготуулары анын чабуулдарын жайлатты. Мындан тышкары, Украина дрондордун жардамы менен согушта кандайдыр ийгиликтерге жетүүдө.

2-июлга караган түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Нижегород облусундагы мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку урду. Бул ишкана Москва аймагын бензин менен камсыздаган үч негизги заводдун бири. Ушул эле күнү Орусиянын аскер күчтөрү Киевге урган соккудан кеминде 30дай адам каза тапты.

Орусиянын Коргоо министрлиги жогорку тактыктагы куралдарды жана дрондорду колдонгонун Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жарандык инфраструктурага жана мунайды кайра иштетүүчү заводдорго урган соккуларына жооп катары түшүндүрдү.

Bloomberg жазгандай, Украина биринчи жолу өзүнүн баллистикалык ракетасын Орусиянын аймагына учурушу мүмкүн. Орусиянын Коргоо министрлиги анын түрүн тактабай эле "узак аралыкка учуучу оперативдүү-тактикалык ракета" атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Киев баллистикалык ракеталарды колдонгонун ырастаган жок.

Украиналык авиациялык эксперт Валерий Романенко Украинанын Куралдуу күчтөрү баллистикалык ракеталарды колдонду деген маалымат көбүртүп-жабыртылган деп эсептейт. Анын айтымында, өлкөдө мурдагы үлгүдөгү ракеталардын айрым түрлөрү дагы толук сыноодон өткөрүлө элек.

Ошол эле учурда эксперт баллистикалык ракета жөнүндөгү кабарга орусиялыктар эмне үчүн чочулап жатканын түшүндүрдү. Анын айтымында, мындай ракеталар жогорку ылдамдык менен учат жана аларды абадан коргонуу системалары менен атып түшүрүү кыйын.

Мындан тышкары, ракетанын же аны атып түшүргөндөн кийинки сыныктары шаар инфраструктурасына олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

"Канаттуу ракета узак аралыкка жантайып, жапыз учат. Ошондуктан аны мээлеш кыйын. Ошого карабастан, Украина Орусиянын канаттуу ракеталарынын 95 пайызын, кээде андан да көбүн атып түшүрүүдө.

Канча ракета учурулса, дээрлик ошончосу жок кылынат. Ал эми баллистикалык ракетаны бутага алуу кыйын. Аны тосуу үчүн бир гана комплекс иштейт. Баллистикалык траектория менен учкандыктан, ылдамдыгынын диапазону дагы таптакыр башкача.

Валерий Романенко
Валерий Романенко

Терминалдык аймакта анын ылдамдыгы болжол менен саатына 4–5 миң чакырымга жетип, тигинен түшөт. Аны жок кылуу үчүн “hit-to-kill” ыкмасы колдонулушу керек, башкача айтканда, ага башка бир ракета түз тийиши зарыл. Бул өтө татаал. Баллистикалык ракеталар талаада атып түшүрүлсө жакшы, бирок шаарда абал башкача. Сиз ракетаны атып түшүрөсүз, сыныктары жерге чачыраганы менен дүрмөтү короого же Киевдегидей имаратка кулашы ыктымал", - деди Валерий Романенко.

Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери Киевде жана Киев облусундагы аскердик өнөр жай ишканаларына, күйүүчү-энергетикалык комплексинин объектилерине сокку урганын билдирди. Орусия эмне үчүн Украинанын күйүүчү май жана энергетикалык инфраструктурасын талкалоого аракет кылып жатканын аскердик эксперт Игаль Левин минтип түшүндүрдү:

"Киевге түнкүсүн урулган соккуларды Орусиянын аскердик жетекчилиги кандайдыр бир аскердик жана аскерге байланыштуу объектилерге каршы аракеттер катары түшүндүрүп келет. Бутага алынган объектилердин тизмесине май куюучу жайлар да кирет. Эмне үчүн орус армиясынын буталары барган сайын майдаланууда? Украина Орусиянын күйүүчү май менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө багытталган стратегиялык өнөктүктү жүргүзүүдө. Мунайды кайра иштетүүчү заводдордон тартып, логистикалык мүмкүнчүлүктөргө чейин сокку урулуп жатат. Орусия дагы жооп иретинде ушундай эле аракеттерге барууда. Путиндин стратегиялык башкы максаттарынын бири - орус коомун мүмкүн болушунча согуштан обочо кармоо. Бирок Орусиядагы күйүүчү май тартыштыгы ал күтпөгөн реакцияны жаратышы мүмкүн. Натыйжада согушка мурда такыр кызыкпаган адамдар да фронт тууралуу сүйлөй баштайт.

Игаль Левин
Игаль Левин

Москва "биз дагы алардын күйүүчү май объектилерин, май куюучу жайларын бутага алып жатабыз, аларда деле бензин тартыш" деп актангысы келет. Ошол эле учурда, Орусия согуш тактикасын ыраатсыз жүргүзүп жатканын көрүүгө болот. Өлкөдө каза болгон аскерлердин саны жарым миллионго жетти. Бул Донбасстагы талкаланган айылдарды, токой тилкелеринин жана талаалардын болжол менен 50 чакырымын басып алуунун куну. Акыл-эси жайында бир дагы адам муну "татыктуу баа" деп айтпайт. Эгер мындай жоготуулар менен Запорожье же Херсон облусунун борборлору алынганда, талкуунун өңүтү башкача болмок. Көпүрөлөрдү кыйратуу, Украинанын жогорку жетекчилерин бутага алуу же таамай сокку уруу өңдүү стратегиялык максаттар жөнүндө кеп болгондо, Орусия ийгиликке жете албай келет. Орусия азыр Киевге түндөп чабуул койгон террордук аракеттер менен гана чектелүүдө. Мындай чабуулдар турак жайларга зыян келтирип, жайкын тургундардын өмүрүн кыюуда", - дейт аскердик эксперт Игаль Левин.

Американын Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун баяндамасына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарымында Орусия менен Украинанын жоготууларынын катышы 8:1ди түзүп, украин тараптын пайдасына ооду. Аскердик эксперт Игаль Левин бул көрсөткүч реалдуулукка жакын деп эсептейт. Анын пикиринде, Украина дрондорду ийгиликтүү колдонууда.

Аналитиктер муну биринчи кезекте дрон технологиясынын өнүгүшү менен түшүндүрүүдө. Мындай пикирге орусиялык Z-блогерлер дагы кошулат. Алардын бири "Биз фронтко бир фура аскер жөнөтөбүз, украиндер болсо бир фура дрон жөнөтөт" деген. Менимче, чыныгы абалды көрсөтүп турат. Эгер силер фронтко бир фура дрон жөнөтүп жатсаңар, ал эми каршылаш тарап бир фура жоокер жөнөтүп жатса, анда жоготуулардын катышы 8:1 болгону таңкалычтуу эмес.

Мындан тышкары, бул жоокерлердин сапатына, даярдык деңгээлине жана ага бөлүнгөн мөөнөткө да байланыштуу. Көп учурда даярдык бир ай эмес, болгону бир нече жуманы түзүүдө. Андан кийин дароо эле согушка аттанат. Буга командирлердин жана офицерлердин кесиптик деңгээлинин жетишсиздиги да таасирин тийгизүүдө.

Дрон кармаган украин аскери
Дрон кармаган украин аскери

Бүгүнкү күндө согуш талаасында дрондор үстөмдүк кылып жатат. Бул көйгөйдү чечүү оңой эмес. Бул украин тарапка да тиешелүү: алар кайсы бир багытта чабуулга өтө турган болсо, орус дрондорунун бутасына илинет.

Бирок Украинанын роботтоштурулган системалары жана дрондору заманбап жана кеңири колдонулат. Ошентсе да дрондорго каршы чечим азырынча Украинада да, АКШда да, Израилде да жок.

Мисалы, Израилде да аскерлерди "Хезболлах" тобу колдонгон дрондордон кантип коргоо керек деген маселе боюнча иштер жүрүп жатат. Израилдин Коргоо министрлиги изилдөөлөр менен алектенген инженерлер жана компаниялар үчүн атайын тендер жарыялаган.

Аскерий эксперт Игаль Левин белгилегендей, эгер Израил бул маселени азыркыга чейин толук чече албай жатса, анда Орусиянын да аны жакын арада чечиши күмөн. Анын айтымында, Коргоо министрлигинин өкүлдөрү тоодой убадаларды бергенине карабастан, дрондорго каршы натыйжалуу жана толук коргонуу каражаты азырынча эч кимде жок.

"Свобода" радиосунун макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Куржундар
XS
SM
MD
LG