Беларустун лидери Александр Лукашенко Киевдин өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн ачыктады. Ал өз өлкөсүн согушка тартылууга жол бербесин дагы бир ирет кайталды. Орусия болсо Беларусту куралдуу жаңжалга тартууну көздөп жатканы кабарланып келет.
Владимир Зеленский 25-июнда билдиргендей, Беларус Орусиянын таасири алдында Украинага каршы согушту кеңейтүүдө колдонулушу мүмкүн болгон аскердик инфраструктураны даярдап жатат.
Зеленскийдин сөзүнө караганда, украин чалгын кызматында Украина менен Беларус чек арасынын боюнда жолдор, ок-дары кампалары жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайлар курулуп жатканы тууралуу маалымат бар.
Ал Кобринь – Ковель, Иваново – Маневичи, Лунинец – Сарны, Речица – Коростень жана Гомель – Чернигов багыттарын атады.
Зеленский Киев Минскиге «зарыл болгон сигналдарды» буга чейин эле жөнөткөнүн айтып, Беларус бийлигин согуштун созулушуна жана кеңейишине шарт түзгөн аракеттерден баш тартууга чакырды.
Буга чейин украин лидери Беларус Орусиянын дрондору колдонгон сигнал күчөткүчтөрдү өчүргөнүн билдирген. Ал кошумчалагандай, бул жабдуулар Украинага жасалган соккуларды координациялоодо колдонулуп келген.
"22-июндан тартып Беларус аймагындагы сигналды күчөткүч станциялар иштебей калды. Аларды алып салыштыбы же жокпу, азырынча так айта албайм. Бирок бул боюнча иштеп жатабыз. Абалды күн сайын көзөмөлдөп, маалымат алып турам. Азырынча эң негизгиси бул сигналды күчөткүч станциялар иштебей турат", - деди Владимир Зеленский.
Украин лидеринин сөзүнө караганда, сөз Гомель жана Брест облустарындагы төрт сигнал күчөткүч тууралуу болуп жатат. Алар Житомир, Волынь жана Ровно облустарына, ошондой эле энергетикалык объектилер менен темир жолдорго жасалган чабуулдарды багыттоодо колдонулган. 19-июнда ал Александр Лукашенкого бул жабдууларды өчүрүү үчүн бир жума убакыт берип, антпесе Украинанын Куралдуу күчтөрү аларды өзү иштен чыгарарын эскерткен.
Бул арада Лукашенко Украина өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгонун өзү да ачыктады.
Кремль болсо Украина тараптын билдирүүлөрүн Беларустун ички иштерине кийлигишүү катары баалады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жакын арада Владимир Путин менен Александр Лукашенконун жолугушуусу өтөрүн билдирди:
"Ал эми мындай коркутуулар, албетте, ачык эле агрессивдүү аракет болуп саналат. Бул башка мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү жана анын эгемендигине шек келтирүү. Бирок Беларус жетекчилиги жана Беларус өзү өзүнүн эгемендигин камсыз кыла аларына биздин эч кандай күмөнүбүз жок".
Жакында эле Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып Кремль Минскиге басымды күчөтүп, Украинадагы согушка активдүү катыштырууга аракет кылып жатканын жазган. Орус бийлиги бул маалыматты четке кагууда. Ал эми эксперттердин пикиринде, Минск жаңжалга аралашууга кызыкдар эмес. Алардын бири талдоочу Валерий Карбалевич ушундай эле ойдо:
"Мындан бир жарым жума мурда эле Лукашенко "Ал-Арабия" телеканалына курган маегинде Беларус украиналык дрондор алдында өтө алсыз экенин айткан. Эгер украиналык дрондор Орусиянын аймагында салыштырмалуу эркин уча алып, стратегиялык объектилерди жок кылып жатса, анда Беларус боюнча алардын мүмкүнчүлүгү андан да чоң. Беларус жакыныраак жайгашкан, ал эми абадан коргонуу системасы Орусияга салыштырмалуу начарыраак".
Беларус согуш башталгандан бери Орусияга өз аймагын аскердик максатта пайдаланууга уруксат берип келет. Бирок ушул күнгө чейин армиясын Украинадагы согушка жөнөтө элек.
Лукашенконун алсыз абалы
Александр Лукашенко авторитардык башкаруусунун ондогон жылдарында элдин нааразылыгынын бир нече толкунуна туруштук бере алган. Бирок алардын эң ириси 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийин болгон.
Лукашенко шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялангандан кийин Беларус боюнча болуп көрбөгөндөй жапырт нааразылык акциялары башталган. Бул нааразылыктар Владимир Путиндин колдоосу менен гана басылган.
Кремль Лукашенконун бийлигине каржылык жардам көрсөтүп эле тим болбостон, зарыл болсо Орусиянын аскер күчтөрүн колдонууга даяр экенин да билдирген.
Мындан тышкары, мамлекеттик телеканалдардын айрым кызматкерлери нааразылык акцияларын колдоп кеткенден кийин алардын ордуна Орусиядан теле алып баруучулар жөнөтүлгөн.
Ошол эле учурда Лукашенко нааразылык акцияларын күч менен басып, миңдеген адамдарды камакка алып, саясий оппоненттерине каршы кыйноо колдонулган.
Бул окуялардан кийин Лукашенко бийлигин сактап калуу үчүн Владимир Путинге мурдагыдан да көбүрөөк көз каранды болуп калды.
Беларус 2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып киргенде Кремлге өз аймагын пайдаланууга уруксат берген. Бирок Александр Лукашенко беларус аскерлерин согушка жөнөтүү тууралуу чакырыктарга каршылык көрсөтүп келген.
Бул Лукашенконун көп жылдан бери карманып келе жаткан саясатынын уландысы катары бааланат. Ал бир жагынан өлкөсүн Батышка жакындатууга аракет кылса, экинчи жагынан Москванын Минск менен интеграциясын тереңдетип, тең салмактуулукту кармаганга аракет кылып келет.
Орусия менен Украинанын дрон согушу башталгандан кийин бул тең салмактуулукту сактоо дагы кыйындай түштү. Орусиянын дрондору Беларус аба мейкиндиги аркылуу уча баштаганда Минск аларды атып түшүрөбү, радиоэлектрондук тоскоолдук жаратабы, коңшу өлкөлөрдү эскертеби же бул чаралардын баарын бир убакта көрөбү деген тандоонун алдында калды. Ошол эле учурда Москва менен мамилени бузбоо зарыл эле.
Зеленскийдин Беларус аймагындагы сигнал күчөткүчтөрдү өчүрүү боюнча койгон шарты Лукашенко үчүн бул маселени ого бетер татаалдаштырды.
Саясий талдоочу Александр Можейконун айтымында, Лукашенко өтө оор абалга кептелди.
"Лукашенко үчүн абал өтө ыңгайсыз. Украинанын талаптарын аткарып, ошол эле учурда Москваны таарынтпоо зарыл. Бирок талаптарды аткарбай коюп, кырдаалды курчутуп, жаңжалга аралашып кетүү коркунучу да бар", — деди ал.
Можейко Лукашенконун ушул убакка чейин унчукпай келгени да ушундан экенин белгиледи.
"Ага суктанбай эле койгон оң. Анын оңой чечими жок. Ошондуктан ушул убакка чейин унчукпай келди", — деп кошумчалады талдоочу.
Бирок Лукашенконун бул унчукпай турушун Москва да сынга алууда. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 22-июнда Владимир Путин менен Александр Лукашенко жакын арада сүйлөшөрүн билдирип, бул жолугушуу «ушул жана башка маселелерди талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болорун» айтты.
Чыңалууну күчөтпөө аракети
Москва Украина тарабынан Беларус аймагына каршы кандайдыр бир аракеттерди пайдаланып, муну Минскини жаңжалга дагы тереңирээк тартууга мүмкүнчүлүк катары көрүшү мүмкүн.
Мындай жагдай Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири куралдуу жаңжалды дагы да күчөтүп, Вашингтон же Европа борборлору каалаган сценарий болмок эмес.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Александр Лукашенко менен мамилени жакшыртууга аракет кылып, аны Владимир Путин менен байланыш түзүүгө мүмкүн болгон ортомчу катары карап келет. Ошондой эле Вашингтон Украинага аскердик жардамды кыскартып, тынчтык келишимине жетишүү үчүн Киевди айрым мунасага барууга үндөп жатат.
Европа өлкөлөрү Украинага саясий, каржылык жана аскердик колдоону улантып келет. Бирок Украинанын Беларус аймагына өз алдынча сокку уруусу алар үчүн да кабыл алынгыс кадам болушу мүмкүн.
Беларустун мурдагы дипломаты Валерий Ковалевскийдин айтымында, кырдаалды бардык тарап тең курчутпоого аракет кылышы керек.
"Бул кырдаал бардык тараптан чыңалууну басаңдатууну талап кылат. Анын ичинде Украинанын Беларус аймагына сокку уруусунан да баш тартуу керек. Ошол эле учурда Лукашенконун режими да айрым жеңилдиктерге барып, дрондор үчүн колдонулуп жатат делген сигнал күчөткүчтөр тууралуу айтылып жаткан дооматтарды кылдат карап чыгышы зарыл".
Ковалевскийдин пикиринде, жаңжалдын кеңейип кетишине жол бербөө үчүн Евробиримдик менен АКШ да расмий эмес консультацияларга катышышы ыктымал:
"Евробиримдик менен АКШ да жаңжалдын кеңири аймактык тирешүүгө айланып кетишине жол бербөө максатындагы расмий эмес консультацияларга катышышы мүмкүн".
Шерине