Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Сырский Орусия Черниговго чабуул коюшу мүмкүн экенин айтты

Александр Сырский
Александр Сырский

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Александр Сырский 30-июнда журналисттерге курган маегинде Орусиянын Брянск облусунан Украинанын Чернигов облусуна чабуул коюп жана андан ары Киевди карай жылуу коркунучу реалдуу экенин билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин Башкы штабга мындай операциянын ар кандай варианттарын иштеп чыгууну тапшырган.

Сырский бул операция менен Орусия Украинанын аймагына тереңирээк кирип жана украин армиясынын бир бөлүгүн негизги багыттардан, айрыкча түштүктөн алаксытууну көздөп жатканын айтты.

"Алар аскерлеринин саны менен фронт тилкесин кеңейтип, бизди резервдерден ажыратууга аракет кылууда", - деди Сырский.

Маек учурунда Александр Сырский Орусияда Беларустун аймагынан чабуул жасоо варианты да барын айтты. Бирок Сырский Минск орусиялык күчтөргө Беларустун аймагын кайрадан аскердик плацдарм катары пайдаланууга макул болооунан күмөн санай турганын билдирди. Бул тууралуу РБК-Украина жазды.

Александр Сырскийдин айтымында, Беларус менен Украинанын чек арасына орнотулган ретрансляторлордун бири 29-июнда иштетилген.

"Алар азырынча демонтаждала элек. Кечээ бир ретрансляторлор иштетилди. Менимче, мындан ары иштетилбейт. Мен баарын айта албайм, бирок алар (беларус бийлиги) бул ретрансляторлор иштебеши керек экенин жакшы түшүнөт", - деген Сырский "Настоящее Времяга".

24-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-июндан тартып Беларус менен Украинанын чек арасындагы орусиялык дрондорду багыттоого жардам берген ретрансляторлор иштебей калганын билдирди. Буга чейин Зеленский Минскиден бул жабдууларды алып салууну талап кылып, антпесе аларды жок кылуу чаралары көрүлүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG