Орусия жана Украина ар бири 160тан согуш туткунун алмашты. Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, орусиялык туткундар Беларуска жөнөтүлдү. Андан кийин алар мекенине алынып барып, дарыланат жана реабилитациядан өтмөкчү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги айырбаштоонун алкагында орустардын туткунунан 160 жоокер бошотулганын бышыктады.
Анын айтымында, алардын бардыгы 2022-жылдан бери Орусияда кармалып келген. Арасында Мариуполдун жана «Азовсталдын» коргоочулары, Донецк, Луганск, Харьков, Запорожье, Киев, Чернигов жана Сумы багытында согушкандар бар.
Бүгүнкү жараян Бириккен Араб Эмирликтеринин арачылыгы менен ишке ашты.
Жыл башынан бери тараптар алты жолу согуш туткундарын айырбаштады.
Такталган маалыматтар боюнча Украина 1400 кишини кайтарып алды, алардын жетөө карапайым украиналыктар.
Шерине