Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Украина Орусиянын аймактарына дрон менен жапырт сокку урду

Украин аскери дрон чабуулдарына каршы жабдыктардын презентациясында. Архив сүрөт.
Украин аскери дрон чабуулдарына каршы жабдыктардын презентациясында. Архив сүрөт.

26-июнга караган түнү Украина учкучсуз учактар менен Орусиянын бир нече аймагына чабуул койду. Негизги буталардын бири Тула облусунун Новомосковск шаарындагы "Азот" химия заводу болду.

Мониторинг жүргүзгөн Telegram каналдардын маалыматы боюнча, ишканага чабуул бир нече саат бою уланды.

Күбөлөр заводдун аймагында жарылуу болуп, коюу түтүн каптаганын, аба аммиак жыттанып жатканын, электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүккө учураганын билдиришти.

Ошондой эле Новомосковск ГРЭС ишканасы жакта өрт чыккандыгы тууралуу маалыматтар чыгууда.

Тула облусунун губернатору Дмитрий Миляев учкучсуз учактардын чабуулунан Новомосковск шаарында өнөр жай ишканасы жана электр берүү линиясы жабыркаганын тастыктады.

Щекино районунда жеке турак үй жабыркап, жергиликтүү тургун жаракат алды.

Новомосковск шаарындагы "Азот" - Орусиядагы аммиак жана азот семирткичтерин өндүргөн ири ишкана. "Еврохим" холдингине кирген ишкана азот кислотасын, метанол, кальций хлоридин жана башка химиялык продукция да чыгарат. Завод буга чейин да бир нече жолу украиналык чабуулдардын бутасы болгон.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин түн ичинде шаардын жана облустун үстүнөн кеминде 47 дрон атып түшүрүлгөндүгүн билдирди.

Москва жана Подмосковье аймагында чукул кызматтар урандылар түшкөн жерлерде иштеп жатышканы айтылды.

Telegram каналдар аннексияланган Крымдагы Керчь шаарында Орусиянын коргонуу позицияларына чабуул болгондугун билдиришти.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде аба чабуулдарынан коргонуу күчтөрү өлкө аймагынан, аннексияланган Крымдын, ошондой эле Кара жана Азов деңиздеринин акваторияларынын үстүнөн 660 украиналык учкучсуз учакты жок кылгандыгын билдирди.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып келет.

Ал тапта Орусия 26-июнга караган түнү Украинанын аймагына «Искандер-М» баллистикалык ракеталарынан жетини учурду, 189 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн баса сөз кызматы билдирди.

Ракеталардын үчөө, дрондордун 174ү атып түшүрүлгөнү, төрт ракета жана 11 учкучсуз учак бутага жеткени, айрым жерлерге сыныктары түшкөнү маалымдалды.(RK)


Шерине

XS
SM
MD
LG