Президент Садыр Жапаров бийлик мындан ары Кыргызстанда жер там салуу үчүн жер бөлүп бербей турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Садыр Жапаров муну өлкөдө жылдан жылга жер тарып баратканы менен түшүндүрүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн айдоо жерлерин сактап калуу керектигин кошумчалады.
“Биз 3-4 жылдан бери Бишкек, Ош шаарлары менен облустун борборлоруна ипотекалык үйлөрдү массалык түрдө салып жатканбыз. Азыр эми аларды азайтып райондун борборлору менен айылдарга өтүп атабыз. Зардалы, бул жагы Гүлчөгө 9 кабат турак жай түшүп жатат. Жок дегенде беш кабат болсо да айылга ушундай үйлөрдү салалы”, – деди ал.
Садыр Жапаров Кыргызстан ушул тапта социалдык жактан маанилүү тогуз азык-түлүктүн ичинен алты түрүн өзүн өзү камсыздап жатканын, буудай менен өмүр бою өзүн камсыз кыла албай турганын айтты.
Президенттин өлкөнүн айыл аймактагы калк менен жолугушууларында жергиликтүү тургундар там салууга жер бөлүп берүү маселесин утур-утур көтөрүп жатышат. (BTo)
Шерине