25-июнда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушу башталды. Ага президент Садыр Жапаров катышып, бул Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болорун айтты.
“Ала-Буга”, “Кара-Булуң-1” жана “Кара-Булуң-2” үч гидроэлектр станциясын камтыган проекттин жалпы кубаттуулугу 912 мегаватт болот. Расмий маалыматка ылайык, ГЭСтер каскадынын жылдык электр кубатын өндүрүүнүн орточо көлөмү 3,75 млрд кВт/сааттан ашат.
Инвестициянын көлөмү 3 млрд АКШ долларына жакын каражатты түзөт.
Долбоор “Орто Азия инвестмент холдинг” ачык акционердик коому менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылат.
“Азыркы учурда Сары-Таш, Капчыгай чакан гидроэлектр станцияларын, кубаттуулугу 145,8 МВт түзгөн Чаткал ГЭСтер каскадын куруу боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашыруу аяктагандан кийин электр энергиясынын азыркы тартыштыгы жоюлбаса дагы жоюу багытына түшөбүз”, - деди президент.
Садыр Жапаров акыркы беш жылда өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станциясы курулганын, ушул тапта дагы 50гө жакын чакан ГЭСтин курулушу, ошондой эле күн жана шамал электр станцияларынын курулушу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.
Президент “Казарман ГЭСтер” каскадын 2031-жылга чейин куруп бүтүрүү пландалып жатканын кошумчалады. (BTo)
Шерине