Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Украинадагы согуштан Нарынга кайтып келген кыргыз жараны кармалды


Быйыл жазында Украинада орус армиясы оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” абакта жаткандарды азгырып, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Сүрөттө Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрация сүрөт.
Быйыл жазында Украинада орус армиясы оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” абакта жаткандарды азгырып, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Сүрөттө Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрация сүрөт.

Украинадагы согушка катышып келген Нарындын тургуну кармалды. Ал Орусияда абакта отурган жеринен “Вагнердин” жеке аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышкан. Кийин туулган жерине кайтып келгенден үч аптадан соң күч органдары “жалданмачылыкка” шектүү катары кармашкан. Бул маалыматты бир нече булак 14-августта "Азаттыкка" ырастады.

Жакындары 27 жаштагы жарандын аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым суроодо. Бирок УКМК жана башка күч органдары расмий комментарий бере элек.

Бул окуя Кыргызстанда Орусиянын тарабында Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалган экинчи учур болуп калды.

"Орусияда абакта жатып “Вагнерге” азгырылган"

Нарын шаарынын ысымын ачык айткысы келбеген 25 жаштагы тургуну өткөн айда Орусиядан кайтып келген күйөөсүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кармап кеткенин айтууда. Ал Украинадагы согушка катышканы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен шектелүүдө.

“Жолдошум өткөн айдын сегизинде Москвадан учуп келген. Келгенде айылыбызга барып, түлөө өткөргөнбүз. Андан кийин Бишкекке барып, Нарынга 31-июлда келгенбиз. 1-август күнү эртең мененки саат 7:40та Улуттук коопсуздук кызматынан деп келишип, жолдошумду кармап кетишти”.

Ал учурда Нарын шаарындагы тергөө абагында кармалып турганы айтылды. Нарын шаардык соту аны эки айга камакка алган.

Шектүүнүн аялынын айтымында, жолдошу 2020-жылы Орусияга эмгек миграциясына кеткен. 2021-жылы полиция аны "маңзат алып жүрөт" деген шек менен кармаган. Ошол эле жылы Орусия соту 10 жылга абакка кескен.

2022-жылдын аягында ал абактан “вагнерчилердин” катарына кошулуп, Украинадагы согушка кеткен.

“Жолдошум “жалган жалаа” менен кармалып, соттолуп кетти. Орусиянын түрмөсү аябай жаман экенин дайым айтчу. Кийин аргасыздан “Вагнерге” кошулуп, Украинага кетти. Жолдошум өлүм менен өмүрдүн ортосунда калды. Июлдун башында “Вагнер” менен түзгөн келишими аяктап мекенине эптеп келсе, эми мындай окуя болуп жатат”.

Келин учурда төрт жана алты жаштагы чиедей эки баласы менен калганын айтып, кыргыз бийлигинен жардам сурап жатат. Ал жолдошу Орусиянын катарында согушка катышканын белгилеп, "орус бийлиги көмөк көрсөтсө" деп үмүттөнөрүн да жашырбайт.

Шектүүнүн жакындары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Нарын облустук сотуна кайрылган. Мекеменин маалымат катчысы Барктабас Белековдун айтымында, дал ушул арыз боюнча жараян ушул айдын аягына белгиленген.

“Бул материал өткөн аптанын аягында келип түшкөн. Алгачкы соттук отурум 28-августка белгиленди”, - деди Белеков.

Украинадагы согуштан кайтып келген нарындык жигиттин баянын бир нече таанышы "Азаттыкка" ырастады.

Алардын айтымында, "согуштан кайтып келгенден кийин түлөө өткөрүп, автоунаа алуу ниетин билдирип жүргөн".

"Орусиядан кайтып келгенден кийин болгон акчабызды чогултуп, жеңил машине сатып алганбыз. Бирок жолдошум кармалганда УКМК ошол автоунаабызды камакка алып койду. Жолдошум "мекениме аман-эсен кайтып келдим, эми ушул машинем менен такси кызматын аркалап, үй-бүлөмдү багам" деп ойлоп жаткан. Ал Орусияда жүргөндө биз аябай кыйналдык. Кайнатам экинчи топтогу майып, Чернобыль ардагери. Жолдошум Кыргызстанда кармалгандан бери кайнатамдын ден соолугу начарлап кетти", - деп билдирди анын келинчеги.

27 жаштагы жарандын кармалышы боюнча УКМК жана башка күч органдары расмий комментарий бере элек. Бирок бул окуя Кыргызстанда Орусиянын тарабында Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалган экинчи учур болуп жатат.

"Согушка катышканы үчүн кармалган экинчи учур"

2023-жылдын май айында Орусия тарапта Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу жазага тартылган. Ал нарындык жигиттен айырмаланып, орус армиясы менен келишим түзүп согушка тартылганы белгилүү болгон. Аскар Кубанычбек уулун Бишкектин Биринчи май райондук соту “Жалданмачылык” беренеси боюнча айыптуу деп таап, 10 жылга абакка кескен. Бул жагдай орус расмийлеринин көңүлүн буруп, эки өлкө ортосундагы маселеге айланган эле.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги август айынын башында Аскар Кубанычбек уулуна орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген. Мекеменин өкүлү Мария Захарова айтканын бир катар орус басылмалары жазып чыккан.

Буга чейин Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Украинадагы согушка катышып, Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулун бошотуу тууралуу билдирүү жасаган. Кыргыз тарап бул окуяга комментарий берген эмес.

Кыргыз бийлиги өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырып келет.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

“Кыргыз мыйзамдарында “кыргыз жараны болуп туруп, башка мамлекеттин жалданда аскердик тобуна катышууга тыюу салынат” деп так жазылган. Ошол мыйзам так сакталууга тийиш. Анткени жалданма аскерлер өзүнүн тагдырын кыйып, жакындарына түйшүк, кайгы алып келип жатат. Алар Кыргызстанда кармалгандан кийин "орус жарандыгын беребиз" деген болбойт", - дейт коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов.

Кыргыз бийлиги Украина боюнча нейтралдуу позициясын улам кайталап, жарыялап келет.

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы ачыкка чыккан.

Кыргызстандык канча атуул жалданмалардын торуна түшкөнү азырынча белгисиз.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга айына 100-200 миң рубль төлөө, орус паспорту жана абактан бошотуу убадасы берилген. Макул болгондор менен алты айлык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Бирок бул каражатты бардыгы эле алышпаганын каза болгондордун жакындары айтып жатышат.

Украинадагы согушта Орусиянын тарабында салгылашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө айтылган. Изилдөөдө "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG