Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Захарова согушка катышкан кыргызстандыкка орус паспортун берүү каралып жатканын билдирди


Украинада согушка катышкан деген негизде соттолгон адам. УКМК тараткан сүрөт. 12-январь, 2023-жыл.
Украинада согушка катышкан деген негизде соттолгон адам. УКМК тараткан сүрөт. 12-январь, 2023-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы согушка катышып, Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулуна орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Мария Захарова айтканын бир катар орус басылмалары жазды.

"Ооба, биз ушундай кайрылууну алдык, бул маселе каралып жатат деп айта алам", - деген ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Буга чейин Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Украинадагы согушка катышып, Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган.

Кабанов Телеграм-каналына кеңештеги кесиптештери менен чогуу жалданмачыга орус паспортун берүү үчүн Орусиянын Ички иштер министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине кайрыларын жазган. Андан кийин аны Бишкектеги тергөө абагынан чыгарып, Кыргызстандын бийлигинен Орусияга өткөрүп берүүнү талап кыларын белгилеген."Андай болбогон шартта Орусия жооп-чара катары мүмкүн болгон басым механизмдерин колдонууга милдеттүү” экенин белгилеген.

Расмий Бишкек он күндөн бери бул билдирүүгө үн ката элек. Тиешелүү маалымат алуу өтүнүчү менен "Азаттык" Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

Кыргызстандык талдоочулар “жалданмачылык” айыбы менен соттолгон жаранды Орусияга өткөрүп алуу талабын коюу ниети Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалап жатышат.

2023-жылдын 16-майында Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышканы үчүн айыпталган Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга соттогон. Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Ошентип, Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн Аскар Кубанычбек уулу 2022-жылдын июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Украинага таандык Донбасс аймагын Кремль колдогон жикчилдер 2014-жылы өз алдынча “Луганск Элдик Республикасы” жана "Донецк Элдик Республикасы"деп жарыялап, кийин Орусия аннексиялап алган. Кыргызстан эки түзүмдү тең тааныган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскар Кубанычбек уулун январь айында Кыргызстанга келгенде камаган. Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG