Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Орус армиясы Дунайдагы жана Кара деңиздеги украин портторуна сокку урду


Орус армиясынын дрону жарылып жаткан учур. Киев. 2-август, 2023-жыл.
Орус армиясынын дрону жарылып жаткан учур. Киев. 2-август, 2023-жыл.

Орус армиясы 2-августка караган түнү Дунайдагы жана Кара деңиздеги украин портторуна дрондор менен сокку урду. Чабуулдан Дунайдагы Измаил портундагы дан сактоочу кампа жабыркады. Бул портту Украина дан экспорттоо боюнча колдонуп жаткан. Ага чейин Москва украин данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген келишимди узартуудан баш тартып, чыгып кеткен. Ошондон бери орус армиясы украин портторун тынбай аткылоодо.

Одесса облусунун Измаил портундагы дагы бир элеватор жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди. Измаил Румынияга караштуу Тулчи портунан 15 чакырым түндүктө жайгашкан.

"Кол салуудан улам порттогу обьектилерде жана аймактагы өндүрүш жайларында өрт тутанды", - деп жазды Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Телеграмга.

Украинанын президенти Владимир Зеленский түштүктөгү портторго кыйла эле зыян келтирилгенин жазды.

"Орусиялык террорчулар кайрадан портторго, данга жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна кол салышты", - деген президент Орусияны токтотсо болорун жана токтотуу керек экенин кошумчалады.

Андан тышкары орус армиясы башкалаа Киевге да дрондор менен чабуул койду. Жабыркагандар жана курман болгондор жок экенин Киев облусунун башчысы Сергей Попко Телеграм аркылуу билдирди. Ал бардык дрондор абадан атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Өлкөнүн түндүк-чыгышында жана түштүк-чыгышында айыгышкан салгылаштар уланууда. Украинанын Башкы штабы 2-августа кабарлагандай, соңку бир сутка ичинде кырктан ашуун кагылышуу катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG