Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Президент Садыр Жапаровдун китеби жарык көрдү


Президент Садыр Жапаровдун китеби. Сүрөт Базар-Коргон райондук китепканасынын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Президент Садыр Жапаровдун китеби. Сүрөт Базар-Коргон райондук китепканасынын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Президент Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруу багыты” аталышындагы китеби жарык көрдү. Бул маалыматты “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ырастады.

“Бул идеологиялык багыттагы китеп, ошондой эле кыргыз элинин маданияты, салты тууралуу да маалымат бар. Мындан тышкары жаңы Кыргызстанды түзүү жана куруу идеялары камтылган”, - деди ал.

41 миң нускада чыккан китеп аймактарга, мамлекеттик мекемелерге жана китепканаларга таратылат.

Президент Садыр Жапаровдун “Саясаттагы он жыл” китеби 2015-жылы жарык көргөн. Анда Жапаров саясаттагы 10 жыл ичинде өзү күбө болгон окуяларды жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG