Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Алматыдагы көп кабаттуу үйдө тутанган өрт бир аялдын өмүрүн алды


Алматыдагы өрт тутанган көп кабаттуу үй кырсыктан кийин. 2-август, 2023-жыл.
Алматыдагы өрт тутанган көп кабаттуу үй кырсыктан кийин. 2-август, 2023-жыл.

Казакстандын Алматы шаарындагы 16 кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган өрт бир аялдын өмүрүн алды. Жабыркагандардын саны 45ке чамалады. Бул тууралуу калаанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. 1-августта болгон окуяда жабыркагандардын арасында эки кош бойлуу аял, 26 бала бар. Беш киши ооруканага жаткырылды.

Аккент кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кечке жуук тутанган тилсиз жоону өрт өчүрүүчүлөр бир жарым саатта өчүрүшкөн. 250-300дөй киши куткарылган.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо үйдүн алдында турган адамдарды көрүүгө болот. Алар төшөк, килем жайып батирлеринен секирген тургундарды кармап калууга аракет кылып жатышат.

Өрткө эмне себеп болгону жана канча аянтты каптаганы белгисиз.

Бул окуядан кийин өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталышы боюнча талкуулар кайрадан көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG