Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Ошто Кызыл-Жар айылындагы мектеп күйүп кетти


Кара-Кулжадагы өрт чалган мектеп. 2-август, 2023. Кайым-Талаа
Кара-Кулжадагы өрт чалган мектеп. 2-август, 2023. Кайым-Талаа

Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Кайың-Талаа айылындагы мектепти өрт чалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта кабарлады.

Тилсиз жоо 15:30га жакын курчоого алынган. Өрттүн себептери жана жабыркагандар бар-жогу айтыла элек.


ӨКМдин маалыматына караганда, өткөн суткада өлкө боюнча 27 өрт кырсыгы катталган. Эч ким жабыркаган жана каза болгон жок.

Былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калган.

Кыргызстанда айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет .

Авариялык абалдагы билим берүү жайларынын жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун 10-февралдагы жыйынында Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору Гүлмира Жумабекова билдирген.

Мындай абалдагы мектептердин саны боюнча Ош облусу алдыңкы орунда (66 мектеп). (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG