Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

"Тирүү болуп жерде жок". "Вагнерден" дайынсыз жоголгондор


Орусиянын Краснодарь аймагында “Вагнер” жеке аскердик компаниясына жалдангандардын сөөгү жерге берилүүдө.
Орусиянын Краснодарь аймагында “Вагнер” жеке аскердик компаниясына жалдангандардын сөөгү жерге берилүүдө.

2022-жылы жайында “Вагнер” жеке аскердик компаниясы (ЖАК) деп аталган топ орус түрмөлөрүндө отургандарды согушка тарта баштады. Жеке аскердик компаниянын ээси Евгений Пригожин зоналарга барып, "акча төлөнөт", "Украинадагы согушка алты ай катышкан соң мунапыска жетишесиңер" деп убада кылды. Бирок соттолгондор майданга жөнөтүлгөндөн бир нече ай өткөндөн кийин, алардын көптөгөн туугандары "пригожин" маяналарын алышкан жок, жакындарынын да тирүү же өлүк экендигин билбей турушат.

"Тирүү болуп жерде жок, өлүү болуп көрдө жок"

"Кыздар, азыр балдарымдын атасына куюп койгондой окшоштугун көргөндө да кайгырып отурам. Атасынын эле өзү. Акылдан азып кетпесем экен".

"Вагнер" чаттарынын бириндеги бул аудио билдирүүнү Мурманск облусунун Оленегорск шаарынан Татьяна Сувалова жазган. 2023-жылы 11-февралда ал “Вагнер” ЖАК менен Украинадагы согушка кеткен күйөөсү Павел Румянцевдин сөөгүн жерге берди.

Бирок акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин Татьянага Павел тирүү деген кабар келди. Ал эми “Вагнер” ЖАК өкүлү Петербургга төлөм жана сыйлык алуу үчүн жөнөгөн ата-энесине чалып, сот процесси жүрүп жаткандыгын айтып, жолдон кайтарды.

Татьяна Сувалова жана Павел Румянцев.
Татьяна Сувалова жана Павел Румянцев.

Татьянанын айтымында, таң калыштуу окуялар сөөк көмгөн күнү эле башталган. Мүрзөдө коштошуп жатканда, сүрөттүн алкагы жаракаланып кетти. Анын алдына арак куюлган стаканга коюлган нан бир нече жолу түшүп кетти. Дуба окулуп жатканда эскерүү шамдары өчүп калды. Дин кызматчы Татьянага өлдү делген киши адам тирүү болсо, ушундай болот деп түшүндүргөн.

Павел Румянцевдин азасындагы сүрөт.
Павел Румянцевдин азасындагы сүрөт.

Татьяна издөө ишин баштап, "ЛЭР” (Луганск эл республикасы) деп аталган аймактагы туугандарына кайрылды: күйөөсүнүн өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк Луганскидеги ооруканадан берилиши керек эле. Бирок догдурлар "Павел Румянцев ооруканага жарадар катары да келген эмес, өлгөн болсо, сөөгү да алып келинген эмес" деп жооп беришти.

Аларда Павелдей татуировкасы бар адам жок болчу. Өлүкканада башкы дарыгер набыт болгондугу тууралуу күбөлүккө кол койгонун мойнуна алды. Бирок мындай сүрөттөлгөн маркумду эстей албады, тизмеден да таппады. Ростовдогу жарадарлар жаткырылган ооруканада да Павел болгон эмес.

Татьяна анын сүрөтүн баарлашуу түйүндөрүндөгү чаттарга таратты. Буга жооп кылып, кимдир бирөө анын күйөөсүн "Белгороддогу ооруканада башы жана буту-колунан жарадар абалында көрдүм" деп жазды. Ал эс тутумун жоготуп койгон, документтери да жок имиш. Бирок ал жерде көп кармалбай, башка жакка которулуп кетиптир. Каякка которулганы белгисиз. Ошентип, изи табылбай калды.

"Акыркы жолу 23-апрелде ата-энесине чалган экен. Ал "ата, бул менмин" деген имиш, – дейт Татьяна. – Бир жолу сүрөт да жиберишти. Чын эле ал өзү тартылган экен. Эми кайсы кабарга ишенеримди билбейм. Тирүү болсо, келет. Азыр мага окшоп күйөөлөрүнүн сөөгү алмаштырылып, башка жерге көмүлүп калып, башы каткандар көп. Күйөөлөрүбүздөн эч кабар жок".

Татьянанын “Вконтакте” баракчасындагы туруктуу билдирүүдө, Павелдин сүрөтү аза белгиси менен кара алкакка алынган, астына: "Сен биздин баатырсың" деп жазылган.

Күйөөсүнүн сүрөтүнүн жанында “ЛЭР” медалы жана "Луганск Эл Республикасынын эркиндиги жана көзкарандысыздыгы үчүн күрөшкөн" деген мактоо барагынын сүрөтү да тартылган.

Татьяна Сувалова жана Павел Румянцев балдары менен.
Татьяна Сувалова жана Павел Румянцев балдары менен.

Павел менен Татьянанын беш баласы бар. Ортодо эки бала бар, Татьянанын ээрчитип келген үч баласын да Павел кабыл алган эле. Ал түрмөдө үч жарым жыл отурушу керек болчу: ал уста болуп иштеген фабрикадагы кырсык үчүн күнөөлүү деген айып менен соттолгон.

Павел Румянцевдин тагдыры жөнүндө “Север.Реалии” жолдогон суроо-талапка Пригожиндин басма сөз кызматынан жооп келе элек.

"Курман болгондордун баарын бир күндө көрүүгө үлгүрбөйсүң”

Телеграмдагы ЖАК согушка жалдаган туткундардын туугандары алардын учкай болсо да кабарын билүү үчүн бүткүл өлкөдөн он миңдей катышуучу катталган чат өзүнчө эле социалдык желени элестетет. Бир жалпы чаттын ичинде 250дөн ашык тайпа бар, алар аркылуу бүтүндөй өлкөнүн географиясын көрүүгө болот.

“ИК-43 Кемерово", "Самара ИК-16", "ИК №6 Туугандар", "Санкт-Петербург", "Москва-Вагнер", "Новосибирск. Касса", "Уфа. Касса", "Жүк 200", "Вагнер" ЖАКта курман болгондорду иликтөө", "Туугандарга жасалып жаткан мамиле кыжырды келтирет”, "Адамдарды согуш өзгөрттүбү?" ж.б. тайпалар.

"Вагнер" ЖАКта курман болгондорду иликтөө" чатында дайынсыз кеткендердин туугандары эгерде өлгөн адамдын ким экендигин аныктоо мүмкүн болбосо, табыт ачылбаса, ДНК анализин кантип жасоо керек, сөөктү мүрзөдөн казып алып текшерсе болобу“ ж.б. деген суроолорго жооп издешет. Төмөндө Украинадагы “музыканттардын” (“Вагнерчилер” өздөрүн ушиндай аташат. - СР) сүйлөшүүлөрүнөн мисал келтирилди. Каталарын оңдободук.

"Кыздар, мына, карагылачы, Украинанын куралдуу күчтөрү канча жоокер өлгөнүн айтып жатышат, а ЖАК тараптан эч кабар жок, канча ... эч качан айтышпайт... атүгүл кез-кезде кабарлап турбайт... Төбө чачың тик турат".

"Украинадан мени күтпөй унуткула. Бул жакта ушунча курман болушту, бир күндө карап жетишпейсиң”.

"Бизде баары к..т, депутаттар АСО (атайын согуштук операцияны) кантип колдоо керектиги эле ойлошот, чындыгында аларга баары бир, бирөө өлсө, бирөө жыргайт".

"Менин иним 03.01де термобарикалык снаряддан денесинин жарылып каза болду. Аны тааный алышкан жок".

"Менин бир тууганым дагы ушундай, табытты ачуудан корком".

"Чын эле бул керекпи? Бул снаряд жөнүндө окуп көргүлөчү. Өзөктүк куралдай эле күчү бар".

“Вагнерчилердин” аялдарынын аккаунттарында үй-бүлөлүк сүрөттөр көп. Аялын, балдарын, энесин кучактап түшкөн эркектер маргиналдашкан адамдарга такыр окшобойт. Көпчүлүгүнүн түрмөдө отуруу мөөнөтү Павел Румянцевдикиндей эле анча чоң эмес. Ошол эле учурда, күйөөлөрүн сагынган "вагнерчилердин" аялдары жесир калганда согушту баштаган орус бийлигин же алардын туугандарын жалдаган Пригожинди эмес, Украинаны жек көрүшөт.

"Жактырбаганын жашырбастан эле бирөө “шо” деди (украинче “эмне” деген сөздүн айтылышы. - СР), - деп Виктория жазат.

Бирок ал ошол эле жерде минтип кошумчалайт: "Чындыгында, мен күйөөмдүн чечими менен сыймыктанам. Балдар абдан сыймыктанат. Биздин атабыз баатыр дешет".​

"Сенин чыгышыңа кичине эле калды го…"

Екатерина Кондратьева (фамилиясы өзүнүн өтүнүчү боюнча өзгөртүлдү. – СР) "Санкт-Петербург" чаты аркылуу күйөөсүнүн бир тууганы Андрейди издейт.

Андрей 28 жашта болчу, жол кырсыгынан алган жаракаттарынан улам армияда кызмат өтөгөн эмес. Үч жарым жылга эркинен ажыратылып, 2022-жылдын декабрына чейин ал бир жарым жыл түрмөгө камалган. Бирок ошондо түрмөгө “Вагнер” ЖАКтан келишкен.

"Ал мага чалып, согушка барууну чечкенин айтканда, мен ага: "Сен келесоосуңбу? Мөөнөтүң аз эле калбадыбы, - дедим деп эскерет Екатерина. – Бирок ал мындан ары камалып отура албайм, көчөдө жүргүм келет деди. Мекенимди коргоого барам дегени да бар. Эч ким аны мажбурлаган жок. Жөн эле тажап кеткен окшойт. Ал шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу үчүн документтерин тапшырды эле, бирок бошотпой коюшту".

Екатеринанын айтымында, Андрей түрмөгө түшкөнгө чейин шарттуу түрдө кесилген, бирок ал эч кимди өлтүргөн эмес, тоногон да эмес, баңгизат саткан эмес экен. Боштондукта бир тууганынан тышкары атасы жана эжеси бар, бирок алар менен сүйлөшпөйт. Андрей кичинекей кезинде, атасы үй-бүлөсүнөн чыгып кеткен, эжеси менен да мамилеси жакшы эмес.

"Апам Андрей түрмөгө түшкөндөн бир нече ай өткөндөн кийин көз жумду. Ал камалган учурда сүйлөшкөн кызы бар эле, бирок анысы да күткөн жок. Эрге тийип, балалуу болду, - дейт Екатерина. - Ошентип, күйөөм экөөбүздөн башка анын эч кимиси жок. Экөөбүз гана күтөбүз. Күйөөм да, албетте, Андрейдин тиякка жөнөгөнүн укканда келесоо деди. Себеби ал жактан аман кайтып келгендер өтө аз деп укканбыз. Эми не дейбиз, өзүнүн тандаган жолу ушул".

Екатеринанын айтымында, Андрей согушта курман болушу ыктымал экенин ойлобогонго аракет кылыптыр, түрмөдөн ары кетеринде телефон аркылуу сүйлөшкөндө аман каласыӊбы деп сөз козгосо, Андрей жубатып: "баары жакшы болот, эсен-аман кайтып келем" дептир. Бирок коштошордо “эгер өлсөм, маңдайыма жазганы ошол” дептир.​

"Беш айдан бери дайынсыз"

"Декабрь айында колониядан чалгандан бери кайра чалган жок, - дейт Екатерина. – Ошондо ал акча алып туруу үчүн ишеним кат жаздым, каякка баруу керектигин айтышат деген эле".

Бирок беш айдан бери Екатерина эч кандай акча алган жок. Андрей өзү деле бир жолу да чалбады. Ал эми күйөөсү ЖАКта жүргөн курбусуна чалышыптыр. Адегенде бирөө, анан башкасы каерге барып акча алуу керектигин айтыптыр. Акчаны паспортуна карап беришиптир. Бирок мен сыяктуу эчтеке албай калгандар көп дейт Екатерина. Бухгалтердин телефону дайым бош эмес – чалгандар өтө көп окшойт.

"Кеп акчада эмес. Бербесе бербей эле коюшсун. Эң негизгиси, аман жүрсө экен, – дейт Екатерина. – Бирок бул жагы да түшүнүксүз. Туткунга түшкөндөрдүн да, өлгөндөрдүн да тизмесинде жок. Курман болгондо тайпасын башкарган Сергей аттуу киши бар. Мен аны менен төрт айдан бери SMS жазышып келем, бирок ал ар дайым “күтө туруңуз” деген бир жоопту эле кайталайт. Акыркы жолу ал суроо-талап жибергенин айтып, бир жумадан кийин кайра чалыӊыз деди. Бирок мен бул чаттан ушундай SMS билдирүүлөр келсе, издеген кишиӊ каза болгон болушу мүмкүн экендигин окудум. Азырынча эч кабар жок. Албетте, биз үмүт үзбөй күтөбүз. Дегинкиси, ал июнь айында кайтып келиши керек".

ЖАК жарнамаларында жана аскердик компания жөнүндө макалаларда төлөмдөрдү келишимге кол койгон жоокер өзү же анын ишенимдүү адамы алса болот, акчалай жөлөкпулдар үзгүлтүксүз төлөнүп турат, Пригожиндин бухгалтериясы так иштейт деп айтылат.

"Акча төлөнбөй калган бир дагы учур болгон жок. Бул компаниянын аброю үчүн абдан маанилүү. Эгерде бир эле жоокер акысын толук албай калса, анда компания ишенимдүү жумуш берүүчү катары кадыр-баркынан айрылат, талапкерлердин жана учурдагы кызматкерлердин ишеними жоголот, – деп айтылат “вагнерчилердин” катарына киргендер кандай утушка ээ болору жөнүндөгү сансыз макалалардын биринде. Екатеринанын мисалы муну төгүнгө чыгарууда.

Курман болгондордун туугандарына төлөмдөр кечигип жатканы жөнүндө "Север.Реалиинин" суроо-талабына жооп иретинде кабарчыга Пригожиндин өзүнүн үнү жазылган тасманы жиберишти. Анда басма сөз кызматы курман болгон жоокерлердин туугандарынын бардык өтүнүчтөрүнө жооп берип турат, төлөмдөрдү ар бир адам алат, эгер туугандары акча албаган болсо, анда жоокер акчаны башка бирөөнүн атына калтырганы деп айтылган.​

"Биз качууну уюштура алабыз"

Андрей жазасын Санкт-Петербургдагы “Кресттерде” өтөп жаткан, бирок кийин Металлострой айылындагы № 5 түзөтүү колониясына которулган. Согушка ошол жактан кеткен. Екатерина кичинекей балалуу болгондуктан, жумуштан бошобой, ал колонияга барган эмес, бирок алар телефон аркылуу тез-тез сүйлөшүп турган. Бул сүйлөшүүлөрдө согуш жөнүндө дээрлик сөз болгон эмес.

"Аларга бул согушта болуп жаткан үрөй учурган окуялар жөнүндө айтышчу экен. Пригожинби же башкасыбы, аларга ким келгенин билбейм. Бирок ошондой сөздөр болчу экен, ооба. Биз күчтүү, кайраттуу жигиттерден кол курап жатабыз ж.б. дешкен экен. Албетте, айлык акы чоң, алты айдан кийин алар үйүӊөргө кайтып келесиӊер деп убада кылышкан экен. Менин оюмча, бардыгы ушуга кызыгышкан", – деп өз оюндагысын айтты ал.

"Север.Реалиинин" кабарчысы менен сүйлөшүүгө Екатерина дароо эле макул болгон жок, анткени адегенде бул дагы бир “текшерүү” деп ойлогон. Андрей согушуп жаткан беш ай ичинде анын атынан кат жазып жардам сураган шылуундарга бир нече жолу туш болгон эле. Бир жолу Андрей Ростов аймагындагы тергөө изоляторунда жардамга муктаж деп жазышкан.

"Кайсы бир адам мага кайрылып, мени тууганым издеп жүргөнүн айтты, – дейт Екатерина. – Ал өзүнүн атын айтпады. Менин жакын адамын жөнүндө сөз болуп жатканын кантип билгенин сурадым. Менин Телеграмдагы аккаунтумдан бир сүрөттү Андрейге көрсөткөндө ал мени тааныган имиш. Анан дары-дармек жөнөтүүнү суранды дейт. Эмнелер керектигин тизмелеп айта баштап, анан Ростовго баштыктагы нерселер кечигип жетет. Андан көрө дароо эле акча жиберип койгула, баарын өзүм сатып берейин деди. Мен анын өзүнүн доошун уксам же сүрөтүн көрсөм гана акча жиберем деп жооп бердим. Ошондо ал ачууланып, тезирээк чечим чыгаргыла, анткени Андрейди жакында Украинага кайра айдап ийишет деди. Ушундай, болгону".

Андан кийин Екатеринага "Андрейдин качып кетүүсүнө жардам беребиз, бирок бул жазык жоопкерчилиги бар иш" деп жазышты. Анын өзү качып кетүүнү калайт, бирок кийин аны жашырып жүргөнгө туугандарынын макулдугу керек дешти. Андрейдин өзү менен сүйлөшөйүн десе, "качып кетүүнү уюштуруучулар" бир аз тынымдан кийин телефон аркылуу сүйлөшүүнүн баасы беш миң рублга жетет дешиптир.​

"Биздин колубуздан не келет?"

Согуш жөнүндө сөз болгондо, Екатерина "аны баштоонун кереги жок эле, чыр-чатакты сүйлөшүүлөр аркылуу чечиш керек болчу" деди.

"Албетте, мен Украинанын жарандарына боорум ооруду. Бул президенттердин согушу, – дейт ал. – Алар шаарларды кыйратпай, өз ара чечим чыгарышы керек болчу. Мына Бахмут бомбаланды. Эми аны да биз кайра курабызбы? Өзүбүздүн өлкөдө каатчылык болуп жатат. Бирок согуш башталып кетти, эми мен, албетте, Зеленскийге каршымын, анткени ал биринчи болуп камактагыларды согушка тарткан… (Бул жерде Владимир Орусия бастырып киргенден көп өтпөй Украинанын колонияларынан согуштук тажрыйбасы бар туткундарды бошотуу жөнүндөгү Зеленскийдин чечими сөз болууда. – СР)".

Екатеринанын айтымында, Путиндин орус туткундарын фронтко жөнөтүп, алты айдын ичинде аман калгандардын бардыгына ырайым кылуу чечими Орусияга кайгылуу кесепеттерди алып келет.

"Азыр канча адам бошонуп чыкканын караңыз: зордукчулар, маньяктар, киши өлтүргүчтөр... Алар баары бир эч өзгөрбөйт. Тескерисинче, мындай стресстен кийин алар ого бетер зулум болушат. Эгер тийиштүү мөөнөткө кесишкен болсо, анда жазаны өтөп, согушка барбай эле койсоң болот эмеспи - алты айдан кийин эчтеке болбогондой эле жашай бересиң да. Бул согушка эркиндикте жүргөн канча жаштарды алып кетишти! Балалуубу, жокпу, баары бир. Жарамдуусуңбу, анда барасың. Мындай болбошу керек эле да... Акча адамдарды тирилте албайт... Бирок эми эч нерсе өзгөрбөйт, биздин колубуздан эчтеке келбейт. Биз барымтага түшүп калдык... Албетте, мекенибиз үчүн турабыз. Эми, биз жөнүндө жаман жазбай эле коюңузчу, өтүнөм", – деди Екатерина сүйлөшүүнүн соңунда.​

"Үй-бүлөнү коргойм деп Украинага барышты"

Екатеринадай болуп бир нече ай бою жакын адамын таба албай жүргөндөр көп. Камактагылардын туугандары сүйлөшө турган чатта жалданган туугандары жана алардын карыздары жөнүндө жок дегенде бир нече маалымат табууга аракет кылган адамдардын ондогон билдирүүлөрү бар.

"Яблоневкадан ким бар? Күйөөм ноябрда кетип, акыркы жолу Жаңы жылдын алдында чалган эле. Курман болгондор тизмесинде жок, 5 айдан бери эч дареги табылбай жатат”, ­- деп жазат “Люлек” деген купуя ысымдуу катышуучу.

Анын күйөөсү дагы Украинага “Кресттерден” жөнөп кеткен. Жети айдан бери бир гана ирет аз гана төлөмдү алган. Анын курбусу болсо дегеле эчтеке ала албай жүрөт.

"Биз экөөнү издеп жатабыз, мен биринчисин (төлөмдү. СР) гана алдым. Курбума бир да жолу чалбай коюшту. Экөө тең бир эле учурда ар башка түзөтүү колонияларынан кеткен эле”, - деп кошумчалады ал. “Север-Реалиинин” кабарчысына ал күйөөсүн кантип издегени жана төлөм маселелери жөнүндө айтуудан баш тартты. Күйөөсүн ЖАКтагылар согушка алып кеткени жөнүндөгү суроого ал мындай деп жооп берди:

"Кандай мүдөө менен дейсизби? Бул өтө акылсыз суроо. Алар ал жакка өз мекенин жана үй-бүлөсүн да коргоо үчүн барышкан! Кош болуӊуз".

Бир жума мурун Евгений Пригожин Украинадагы согушта “Вагнер” ЖАКтын 20 миң жалданма адамы каза болгонун, алардын жарымы орус түрмөлөрүнөн соттолгондор экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, Бахмуттагы салгылашуу учурунда ал 50 миң туткунду түрмөлөрдөн алып кетишкен экен.

2023-жылы февраль айынын ортосунда Ак үй Украинадагы согуштун жүрүшүндө “вагнерчилерден” курман болгондор менен жарадарларды кошуп санаганда 30 миңден ашуун адам кемигенин эсептеп чыккан. Бул сандарды атаган АКШнын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби согушта жалпысынан 9 миң жалданма жоочулар өлтүрүлгөнүн айтты. Алардын жарымы 2022-жылдын декабрь айынын ортосунан берки мезгилде набыт болгон.

Кирбинин айтымында, декабрда өлтүрүлгөндөрдүн 90 % - мурдагы камактагылар. "Негизинен, жаӊыдан жалдануучулар, соттолгондор, аларды эч ойлонбостон эле замбиректин огуна салып беришти", - деди ал.

Макаланын түп нускасын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG